Тырмакты күтүү

Тырмакты күтүү
21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Тырмагыңызга эч кандай лаксыз жакшы маникюр жасагыңыз келсе төмөнкү эрежелерди жасаңыз:

Биринчиден, тырмагыңыз ирээтке келтирүүдөн мурун колуңузду 3-5 мүнөткө самындуу сууга же болбосо ромашка тунмасына салып, тырмак менен колдун терисин жумшартып алыңыз.

Экинчиден, балбырап, жумшарган тырмактын тегерегиндеги терини кайчы менен кескен туура эмес. Өсүп кеткен терини атайы курал менен алып таштаган же арты көздөй туртүп салган оң.

Тырмак толук кургаган кезде гана аны өгөөлөөгө болот. Негизи, тырмакты бир багытта гана өгөөлөгөн туура.

Эгер жогоруда айтылгандын баарын аткарган болсоңуз, тырмагыңыз лаксыз эле кооз көрүнүп турат. Ошону менен бирге тырмак менен колго арналган атайы кремди жумасына бир жолу сүйкөп турган оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!