Бет терисиндеги тешикчелерди кичирейтүү

Бет терисиндеги тешикчелерди кичирейтүү
25-Авг. 2017, Жума

10-15 тамчы лимон ширесине бир жумуртканын агын аралаштырып маска даярдаңыз. Аны беттин терисине жаап, 10 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп салыңыз. Лимон ширесинин ордуна кызыл карагаттын ширесин да пайдаланууга болот.

Бадыраң менен быштакты аралаштырып коюу ботко даярдагыла. Аны териге сүйкөп, 5-10 мүнөт кармаңыз. Маска жылуу суу менен жуулат.

Туздалган капустанын жалбырагын же анын суусуна сулу улпагын кошуп бетке жабуу менен теридеги тешиктерди кичирейтүүгө болот.

Алгач бетти самындап жууп салган соң алаканыңызга бир аз сода алып аны суу менен аралаштырып паста жасаңыз. Колуңуздагы пастаны бетиңизге сүйкөп, жарым мүнөт чамасында этият укалаңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп койсоңуз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!