Көздүн асты шишик тартса...

Көздүн асты шишик тартса...
25-Авг. 2017, Жума

Муздаткычта турган бадыраңды жука тилип, көздүн тегерегине 5 мүнөт коюп коюңуз. Андан кийин атайын крем сүйкөөгө болот.

Пайдаланылган бир жолку чай баштыкчаларын муздатып туруп көздүн астындагы шишикке коюу керек. Бул ыкма көздүн тегерегиндеги теринин өңүн да жакшыртат.

Муздаткычка 2 темир чай кашыкты салып коюңуз. Кашыктар муздаганда аларды көздүн астындагы шишикке 1-2 мүнөт басып туруу керек. Бул шишиктин тез тарашына өбөлгө түзөт.

Чийки картошканы эзип, аны дакиге же кебезге ороп алыңыз. Эми аны көздүн астына 3-4 мүнөт басып туруу керек.

Петрушканы майда туурап, ага бир аз каймак аралаштырып көздүн тегерегине сүйкөңүз. Бул масканы 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!