Сулуу болуш үчүн лимонду пайдалануу керек

Сулуу болуш үчүн лимонду пайдалануу керек
4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

Косметикалык куралдар пайда боло элек кезде кыздар бет күтүмү үчүн лимонду пайдаланышкан. Лимондун пайдасы өтө көп.

1. Беттеги безеткилерден арылуу үчүн күннө бир нече ирээт бетти лимон менен сүртүп туруңуз. Муну өзгөчө жай мезгилинде бат-баттан жасап туруу керек.

2. Кургак бетти нымдаштырып, жашартуу үчүн лосьон жасоого болот. Ал үчүн 120-140 миллилитрдей жумуртка сарысы менен 1 чай кашык балды аралаштырабыз. Аралашмага бир нече аш кашык арак менен 1 аш кашык лимон ширесин кошуңуз.

3. Лимон калптуу жана майлуу бет терисин тазартууга жардам берет. Ал үчүн лимонду сүргүчтөн өткөрүп, жарым стакан арак куюңуз. Бул аралашыманы 5 күн бою караңгы жерде тыныктыруу кажет. Убакыт өткөндөн кийин 1 кашык глицерин кошуп, аралашманы сүзүп алыңыз.

4. Безетки, сезгенген терини эмдеп, майлуу бетти калыбына келтиргиңиз келсе, арак менен лимон ширесинин тунмасын пайдаланыңыз. Тунган аралашманы муздаткычка салып, күн сайын пайдаланыңыз.

5. Сепкилди жашыруу үчүн лимон ширесин кайнаган сууга аралаштырыңыз. Бул лосьон менен таң эртең жана кечинде сүртүп туруңуз.

Аталган лосьон, аралашмаларды пайдалануунун алдында бетти жакшылап тазалап алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!