Жагымдуулуктун негизги кемчиликтери

Жагымдуулуктун негизги кемчиликтери
6-Сен. 2017, Шаршемби

Сулуу аял - өзүнүн келбетине, денесине жана ден соолугуна өзгөчө көңүл буруп, кам көргөн аял. Ал эми "туура эмес" сулуулук - өзүнө кам көрүүдөгү кемчиликтин жыйынтыгы. Төмөндө табигый сулуулукту толугу менен бузуучу аялдардагы кеңири таралган кемчиликтерди санайбыз.

1. Атыр колдонбоо

Сизде эч кандай жолугушуу болбосо деле, эч жакка конокко барбасаңыз деле эртең менен чыгып баратып жагымдуу жыттуу атыр себинүүнү унутпаңыз. Ал өзүңүздү баалоодо чоң роль ойнойт.

2. Ооз көңдөйүнө жакшы кам көрбөө

Албетте, сиз күзгүгө каранмайынча өзүңүздүн тишиңизди өзүңүз көрбөйсүз, бирок айланаңыздагылар аны көрөрүн унутпаңыз. Андыктан, маал-маалы менен тишиңизди тазалап, жаныңызга тиш тазалагыч, жип ала жүрүүнү унутпаңыз. Бул - пайдалуу адат.

3. Кол тууралуу унутуу

Жагымдуу, өзүнө кам көргөн аял дароо көзгө урунат, бирок сынган тырмактар, кам көрүлбөгөн кол ал аял тууралуу пикирди дароо өзгөртөт. Атайын колго арналган лосьондордун жардамы менен колуңузду жумшартып, тырмактарыңызды дайыма таза, тыкан алып жүрүңүз. Ошондой эле кам көрүлбөгөн, кир тырмактарды өтө эле жагымсыз көрүнөт.

4. Макияжды ашыкча көп колдонуу

Эгерде макияжды ашыкча эле көп өлчөмдө колдонуп алган болсоңуз, ал сиздин бырыштарыңызды жана башка сырткы кемчиликтериңизди ачыкка чыгарып коет.

5. Косметикалык аспаптарды тазалабоо

Упа сүртүүчү губканы, кистилерди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап туруу талапка ылайык. Болбосо аларда тери майы жана бактериялар топтоло берет да, теринин бузулушуна алып келет. Эгерде сиздин бетиңиз безеткиге жакын болсо, косметикалык аспаптарды тазалоодон кийин канчалык өзгөрүү болгонун көрүп таң калбай койбойсуз.

6. Эриндин айланасын өтө эле күңүрт түс менен чийүү

Эриниңиздин табигый өңүнөн күңүрт же, тескерисинче, ачык түс менен эриниңизди чийбеңиз. Болбосо помада өчкөндө калып калган сызык өтө эле жагымсыз көрүнөт.

7. Макияжды түнгө калтыруу

Күндүзгү макияжыңызды түнү жуубай жатып алуу - бул сиздин өзүңүзгө кам көрүүнү билбеген аял экендигиңизден кабар берет. Макияждын бетте көпкө турушу беттеги тешикчелерди жаап салат. Бул болсо бетиңизге безеткилердин жана тактардын пайда болушуна алып келет.

Аял өзүнө кам көрүү искусствосу менен табигый сулуулукту айкалыштыра билүүсү керек. Ал өзүн, өзүнүн денесин сүйүүгө тийиш. Ал эми туура тандалган косметика, атыр, туура тандалган кийим ар кандай учурда өзүңүздү ханыша сезгенге жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!