Кофе менен жашаруунун 4 ыкмасы

Кофе менен жашаруунун 4 ыкмасы
6-Сен. 2017, Шаршемби

Кофени суусундук ирээтинде гана ичип койбой, косметика катары колдонууга да болот.

Коюу кайнатылган кофени жөн эле төгүп таштабай, муздаткычкы муз тоңутуучу идишке куюп тоңутуп коюңуз. Кийин күндө эртең менен жана кечинде бир бөлү тоңуган кофени бетиңизге сүртүп турсаңыз өтө пайдалуу. Бет терисин демалдырып, жашартып, жаңылайт.

Бет терисин жумшартып, жашартуу үчүн бул масканы да пайдаланганыңыз оң:

Коюу демделген салкын кофеге 1 аш кашык ун менен 1 жумуртканын сарысын кошуп, даяр болгончо аралаштырасыз. Бетке сүйкөп, 15 мүнөт кармап, андан соң жылуу суу менен жууп таштоо керек.

Кофени тоник катары да пайдаланууга болот.

Жаңы демделген кофеге кебезди салып, бетти сүртсө бырыштын пайда болуусун алдын алат. Ошону менен бирге, бетке кан жүгүртүп, түсүн жакшы кылып көрсөтөт.

Чачыңыз жылтырап туруусу үчүн 1 аш кашык ромго эки жумуртканын сарысын, бир кашык кофенин майдаланган унун кошосуз, ага 2 кашык жылуу суу куюп аралаштырасыз. Масканы чачыңыздын ар бир бөлүгүнө дыкат сүйкөп чыгып, 5 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап таштаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!