Бырышка каршы 7 азык

Бырышка каршы 7 азык
8-Сен. 2017, Жума, 14:20

Капуста

Бул жашылчанын курамындагы лютеин аттуу зат бырыштар менен күрөшөт. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн күнүнө 57 грамм капуста жеш зарыл.

Буурчак өсүмдүктөрү

Соя, маш, буурчак биздин организмде гиалурон кычкылы деп аталган карылыкка каршы заттын иштелип чыгышын шарттайт. Адам төрөлгөндө анын организминде бул кычкыл жетиштүү өлчөмдө болуп, наристелердин терилери жылмакай келет. Жаш өткөн сайын ал азая берет. Андыктан күнүнө жок дегенде 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуңуз.

Үндүк эти

Мындай этте тери үчүн маанилүү болгон карнозин аттуу белок бар. Эгер бетиңизде «каз тамандардын» пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүк этин жеп туруңуз.

Кара өрүк

Бул жемиш организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири. Жаңы үзүлгөнүнөн болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп туруу зарыл.

Кызылча

Америкалык диетолог Кэрри Ракстон кызылчаны теринин картаюусуна каршы эң маанилүү азык деп атаган.

Зайтун майы

Австриялык изилдөөчүлөр зайтун майын ким көп колдонсо, анын ошончолук бырышы аз болорун аныкташкан.

Шоколад

Какаону пайдаланган соң кандын жүрүшү жакшырат. Кара шоколад теринин №1 душманы болгон ультра-кызгылт нурлардан сактайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!