Кирпикти туура боёо жана ага кам көрүү

Кирпикти туура боёо жана ага кам көрүү
11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 10:42

Айымдын сырткы келбетинин көрүнүшү кандайдыр бир деңгээлде кирпиктен да көз каранды. Андыктан, дененин бардык башка бөлүктөрү сыяктуу эле кирпикке да талаптагыдай кам көрүү талап кылынат.

Кирпикти боео эрежеси

Бетке макияж жасоодо эң акыры кирпик боёлот. Кирпикти боёонун да өзүнүн эрежелери бар. Аны үч кыймыл менен ишке ашырууга болот.

1. Орто ченинен баштап тушту буроо аркылуу боёгон кыймыл.

2. Атайын кирпиктин тарагы менен бириндетип тарайсыз.

3. Кайра боёңуз.

Кирпикти эң түбүнөн баштап боёо туура эмес. Ал көзгө тоскоол болуп, көздөн жаш чыкканда агып кетет. Ошондой эле идеалдуу боёлгон кирпик бириндеп турууга тийиш. Бири-бирине жармаштыра боёо туура эмес.

Астыңкы кирпикти да боёо керекпи?

"Астыңкы кирпикти боёо керекпи же жокпу?" деген суроо да адатта кыз-келиндердин арасында талаш туудурат. Мунун да өз эрежеси бар. Көздөрү чоң же көзүнүн астында майда бырыштары бар айымдар астыңкы кирпигин боёбой эле койгондору оң. Анткени, ал чоң көздөрдү сыртка чыгып кетчүдөй кылып, а бырыштарды андан бетер дааналап көрсөтөт. Астыңкы кирпикти боёо сурмасы жок бүтүк көздүү айымдарга гана сунушталат.

Кирпикти туштан тазалоо

Кечинде жатарда кирпикти сөзсүз түрдө туштан арылтуу керек. Ал үчүн бетти тазалоочу атайын гель менен жууган туура. Ал эми идеалдуу жолу - атайын кирпикке арналган май менен тазалоо. Бул майдын курамында көздү ачыштыруучу заттар жок. Кебезди майга малып, алгач ылдый көздөй тигинен аарчыйсыз, андан соң туурасына карай. Кайра тигинен, кайра туурасынан.

Чаптама кирпик

Бир жолу колдонулуучу чаптама кирпиктерди конокко же ар кандай кечелерге барганда колдонууга болот. Ал кирпикке эмес, кабакка чапталгандыктан, мунун эч кандай зыяны жок. Бир гана эске алынуучу нерсе - жакшы кармаган клейди тандоо. Базардагы 5-10 сомдук кирпиктердин ичиндеги клейи жакшы кармабайт. Баасы 50 сомдон жогорку кирпиктердин клейи жакшы. Бирок кечинде сөзсүз түрдө аны көздөн алып салуу керек. Белгилүү болгондой, жасалма кирпиктерди кайра-кайра колдонууга болбойт.

Кирпикти узартуу

Кирпикти узартуунун оң жагына караганда терс жактары арбын. Анткени, ал табигый кирпикке клей менен чапталып узартылат. Кирпигин узарткан айымга бууга отурууга, бетин ысык сууга жууганга болбойт. Мындан тышкары, көздү укалаганда ал бир-бирден түшүп, жыртыктар пайда боло баштайт. Ошол жыртыктарга чыдабай айым аны менен кошо өзүнүн кирпигин жула баштайт. Өкүнүчтүүсү, жулунган кирпик кайра көп убакта өсөт.

Негизи, бардык эрежелерди сактап, узартылган кирпик менен 2-3 ай жүрүүгө болот. Андан арылууну каалаганда адиске кайрылса, аны атайын каражаттын жардамы менен оңой эле алып салат.

Адистен кеңеш:

Башка бирөөнүн тушу менен колдонууга болбойт. Андан көз ооруларына тиешелүү ар кандай инфекциялар жугушу мүмкүн. Айрыкча көздүн коньюктивит оорусунун жугуу коркунучу жогору.

Кирпикти өстүрүүчү эң натыйжалуу каражат - дарыканаларда сатылган өсүмдүк майы (касторовое масло). Идеалдуу кирпикке ээ болууну каалагандар үчүн аны кебез менен маал-маалы менен кирпигине сүртүп туруу жетиштүүлүк кылат.

Адистен кеңеш:

Көзгө туура макияж жасоону кааласаңыз, анын кандай түргө киргенине карабай асты жагын боёо керек. Бирок бир нече шарттарды эске алуу менен:

1-шарт: Көздүн асты кара карандаш менен жарымына чейин боёлот.

2-шарт: Кирпиктин өсүү багыты боюнча боёлот.

3-шарт: Калың да эмес, ичке да эмес, орточо калыңдыкта болушу керек. Эгерде ал сызык өтө эле ичке болсо көз кичине болуп, беттин жаактары болсо чыгып калгандай көрүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!