Косметикалык каражаттардын пайдасы жана зыяны

Косметикалык каражаттардын пайдасы жана зыяны
14-02-2017

Косметика - бул ар бир аялзатынын жаш курагына карабай сулуулугуна сулуулук кошкон каражат болуп саналат. Кийимдердин модасы алмашса да - косметика ар дайым мода бойдон калмакчы.

Косметиканын бет териге тийгизген таасири

Эгер косметиканы туура колдонгонду билбесеңиз, анда албетте зыян тийгизет. Ар дайым бетке тоналдык кремдерди сүйкөй берүү менен беттеги тешикчелерди бүтөп, аба жетпей андан улам ал аллергияны козгошу мүмкүн. Ал эми эринге арналган эндиктер убакыттын өтүшү менен өңүн өзгөртөт. Кирпиктер үчүн туштар аларды алсыз кылып, түшүп калууга чейин алып келиши ыктымал. Картайган кезде тери бырышып, ийкемдүүлүгүн жоготот.

Эмне үчүн тонал крем же упа териге терс таасир берет?

Анткени тоналдык кремдерди жана упаны жаш кезде, организм калыптана элек чактан тартып эле колдоно баштайбыз. Безеткилерди жабуу үчүн бой жеткен кыздар аны үстү-үсүнөн болушунча сүйкөшөт. Тоналдык кремди күнү бою сүйкөп жүрүүгө болбойт, себеби бет дем ала албай калат. Кремди жууп гана койбостон, түрдүү лосьондордун жардамы менен тазалап туруу керек. Алардын курамындагы түрдүү синтетикалык түс берүүчү заттар жана ароматизаторлор бар. Андагы калдыктар беттин тешикчелеринде калып калат жана кычыштырып аллергия чакырышы мүмкүн.

Алардын курамында тоналдык негиз (основа) да болушу шарт, себеби ал тешикчелер менен сүйкөлгөн тоналдык кремдин ортосундагы коргоочко айланат. Тоналдык кремдер жана упалар бетке бир өңчөй өң берип түрдүү безетки жана кызарган жерлерди жаап, ар дайым сулуу болууга жардам берген каражаттын бири болуп саналат.

Эриндерге арналган эндик

Эриндерге арналган эндиктер тууралуу сөз козголсо көпчүлүк анын зыянан пайдасы көп деп билишет. Анын зыяндуулугу өткөн кылымдарда көбүрөөк болгон, себеби ал убакта азыркы убактагыдай химия илимдери жакшы өнүккөн эмес. Ал убакта эндиктерге өңүн чыгарып жана көпкө кармалсын деп түрдүү кошулмаларды кошуп келишкен. Ал эми азыркы өнүккөн заманда кымбат баалуу косметикалык каражаттар ден соолукка кам көрүүчү функцияны да аткарат.

Эриндер ар дайым кам көрүүгө муктаж, себеби анын терисинде майлуу бездер жокко эсе. Ошондуктан алар сырткы факторлорго кол жана бет терилерине караганда көп туруштук бере албай, тез кургап кесилип кетет.

Азыркы мезгилде эндик чыгарган фирмалар, алардын курамына коргоочу, нымдоочу, азыктандыруучу жана дарылык касиетке ээ заттарды кошуу менен чыгарышат. Ал компоненттер күндүн нурларынан, катуу сууктан, шамал, кургак аба жана экологиядагы агрессивдүү көрүнүштөрдөн коргойт.

Эндиктердин зыядуулугу

Сапатсыз жана арзан баадагы эндиктердин курамында уулуу заттар, туздуу оор металлдар жана агрессивдүү химиялык заттар кездешет. Жарк-журк этип жалтыраган эндиктер күндүн нурларынан атомдук кычкылтек (атомарный кислород) бөлүп чыгарат. Бул күчтүү антикосидант теринин тез картаюсуна алып келет.

Кирпиктерге арналган тушь

Кирпиктерге арналган туштар тууралуу сөз кылсак алардын зыяндуулугу сапатына жана фирмага байланыштуу болот. Азыркы убакта көпчүлүк белгилүү фирмалар өндүргөн туштардын жасалмалары кездешет. Аларды кымбат баада сатышып пайда көрүшөт, чындыгында аладын ичинде арзан жана сапатсыз нерселерди гана куюп койгон болот.

Бирок ошол эле убакта кымбат баалуу туш пайдалуу деп айтууга да болбойт. Ал зыян алып келбесе да, аны туура тазалап жана өздүк гигиена сакталбаса андан зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Ал үчүн атайын тазалоочу крем майлары же косметакалык сүт (молочко) керектелет. Ошону менен бирге 3 ай сайын тушту алмаштырып турганды унутпаңыздар, себеби анын щеткасынын кылдарына түрдүү микроб жана бактериялар пайда болуп андан жагымсыз оорулар келип чыгат.

Эң эле зыяндуу деп суудан коргоочу туштарды атоого болот. Ал менен өзгөчө учурларда гана колдонсо болот, себеби ал кирпиктин түшүшүнө жана дерматиттин пайда болуусуна алып келет. Аталган боёкко же болбосо анын курамындагы заттарга аллергиясы барларга колдонуу сунушталбайт. Бирок ошол эле учурда бул каражаттар организмге же териге олуттуу зыян алып келе турган болсо аны чыгаруусун токтотушмак.

Тушту сүйкөгөндөн мурун көздүн тегерегине бет май сүйкөп анан сүртсө жакшы. Себеби, ал көздүн тегерегиндеги жумшак терини күйүп же түрдүү зыян алып келүүчү нерселерден сактайт. Эң негизгиси күн сайын кечкисин макияжды жууп, тазалаганды унутпай кирпиктерди эс алдырып туруу керек.

Бет майлар

Бет майлар — жаныбар жана өсүмдүк майларынын, май сыяктуу заттардын, момдун, эмульгаторлордун жана суунун аралашмасынан даярдалган эмульсиялар. Май жана май сыяктуу заттар териге сиңип, аны жумшартат, сырткы жагымсыз таасирлерден жана бырыш кирүүдөн сактайт.

Бет май курамы боюнча майлуу, эмульсиялуу жана атайын болуп бөлүнөт. Териге таасирин күчөтүү максатында бет майга биологиялык активдүү заттар (витаминдер, чөп, жемиш, жашылча), дары чөптөрдүн экстракты кошулат. Бет майды таза бетке, моюндун терисине жука сыйпап, 30 минутадан кийин жумшак кагаз же ным кебез менен аарчып таштоо керек. Түнкүсүн бет май сыйпанып жатуу сунуш кылынбайт. Коргоочу бет майлар терини күнгө күйүүдөн сактайт, сепкил, так түшүүдөн алдын алуу үчүн сыйпалат. Алардын таасири 2— 3 саатка жетет. Колду ар кандай химиялык заттардын (кислота, жегич, түрдүү эриткичтер), суунун таасиринен жана башка сактоо үчүн бет майлар колдонулат. Бул бет майлардын курамына теринин бетинде сактагыч плёнка пайда кылуучу атайын кошумчалар кошулат. Бет май сыйпанып алып көчөгө чыгууга болбойт, анткени жайында бетте май катмарын пайда кылып, теринин дем алуусун кыйындатат, ал эми кышында бет майдагы суу бууланып терини үшүтөт.

Ал эми зыяндуулугу туурасында кеп козгосок бет майлардын күндүзгү, кечки, азыктандыруучу, калыбына келтирүүчү, коргоочу СПФ фильтирлүү жана башка көптөгөн турү бар. 90-жылдары бет териге эң негизгиси анын нымдуулугун ар дайым сактап туруу керек деп айтылгандан тартып, анын курамына эмне гана кошуп чыгара башташпады. Миңдеген аялдар кремдерге көз каранды болуп калган аларсыз бет тери кургап жана тартышып калат.

Жакынкы убактарда чет өлкөлүк изилдөөчүлөр бет майларды ар дайым колдонуп келген аялдардын терилери тез кургап жана картаярын белгилешти. Анын себеби, тери өзүнүн функциясын унутуп, иштөөсү начарлайт. Ал такыр эле дем алганды унутат жана ар дайым бөлүнүп чыккан май бездери тешикчелерди бүтөп салары белгилүү болду.

Ошондуктан косметиканы сатып алып жатып териңиз кандай типке кирет, андагы курамын окуп жана белгиленген мөөнөткө чейин колдонуу керектигин унутпаңыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!