Сулуулук сыры балда

Сулуулук сыры балда
19-Сен. 2017, Шейшемби, 11:00

Балды байыркы гректер терини тазалоо жана жашартуу үчүн колдонушкан. Ошондон ушул күнгө чейин балдын сулуулукту сактоодогу орду сакталып келет. Ал косметологияда беттин жана дененин терисине кам көрүүдө, чачтын кубаттуулугун сактоодо жана аны калыбына келтирүүдө колдонулат.

Бал терини тазалайт, жумшартат, азыктандырат

Майлуу тери үчүн маска. 1 чай кашык быштакка жарым чай кашык балды, 1 чай кашык сүттү же кефирди аралаштырасыз. Бетиңизди сүрүү менен масканы бетиңизге коесуз. 30 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп, бетиңизди лимондун кесими менен сүртөсүз.

Бал суусу. Бир чоң кашык балды эки стакан жылуу сууга аралаштырасыз. Бул суу менен жатарда 5-7 мүнөттүн ичинде бетиңизди жууйсуз. Андан соң жылуу суу менен чайкап саласыз.

Бырыштын алдын-алуу үчүн маска. 1 жумуртканын сарысын жарым чай кашык бал жана 1 чай кашык глицерин менен аралаштырасыз. Бул масканы бетиңизге 20 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.

Витамин маскасы. 1 чоң кашык бал менен 1 жумуртканын сарысын аралаштырасыз. Ага ысык сүткө чыланган нандын ичин жана бир ампула А витаминин кошосуз. Жакшылап аралаштырасыз. Масканы бетиңизге 20 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.

Кургак тери үчүн маска. Жумуртканын сарысын бир чай кашык өсүмдүк майы менен аралаштырасыз. Бул аралашмага бычактын учу менен балды кошосуз. Масканы бетиңизге коюп, 10 мүнөт кармайсыз. Андан соң жылуу суу кошулган сүт менен жууп саласыз.

Бардык типтеги беттер үчүн лосьон. Ал үчүн төмөнкү азыктар керектелет: 25 г өсүмдүк майы, 3 жумуртка, 1 бөксө стакан сүт, жарым чай кашык лимон ширеси, 150 г арак, 1 чоң кашык бал жана бир стакан суу.

Лосьон мындай жол менен жасалат: майдын үстүнө жумуртканы чагып, аз-аздан сүттү кошуп отурасыз. Андан соң лимон ширесин, балды жана аракты кошуп жакшылап аралаштырасыз. Аралашманы банкага куюп, сууну кошосуз да, банканын капкагын жаап чайкайсыз. Караңгы, салкын жерге коюп коесуз. Лосьон бир жыл бою өзүнүн баалуулук касиетин жоготпойт. Муну жатарда жуунгандан соң бетиңизге сүйкөйсүз.

Нуру өчкөн беттер үчүн маска. Бирдей өлчөмдөгү бал менен сүттү аралаштырасыз. Бетиңизге 15 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!