Касторка майы сулуулук үчүн

Касторка майы сулуулук үчүн
20-Сен. 2017, Шаршемби, 10:01

Кээ бир кымбат баалуу косметикалык каражаттарга салыштырмалуу пайдасы жана натыйжалуулугу менен кем калышпаган майлардын бири касторка болуп эсептелет. Аны кадимки эле дарыканалардан сатып ала аласыз.

  • Терини серпилгич абалга жеткирүү үчүн жуунаардан мурун 15 мүнөт алдында касторка майы менен денени бүт сүртүп чыгыңыз. Андан кийин кадимкидей эле жууна бересиз.
  • Согончоктун катуу катмарын жумшартып, андан арылуу үчүн 10 күн бою уктаардын алдында 1 чай кашык касторкага 1 чай кашык глицерин кошуп согончокко сүртүп, пахтадан жасалган байпак кийип жатыңыз. Эки күндө бир жолу бутуңузга жылу ванна жасап туруңуз. 10 күндүн аралыгында согончоктун жагымсыз катуу катмарынан кутуласыз.
  • Суук аба ырайында айрыкча эриндер жабыркоого көп учурайт. Андыктан күн сайын кечинде уктаар алдында эриндерге сүртүп жатуу керек.
  • Каш менен кирпикти дагы абдан жакшы өстүрөт. Андыктан уктаар алдында каш-кирпикке да сүйкөп жатыңыз.
  • Целлюлиттен арылуу үчүн аптасына бир жолу 4 аш кашык касторка майына лаванда эфир майын бирдей өлчөмдө аралаштырып көйгөйлүү жерлерди сүртүп, жарым саатка жылуу кийим кийе туруңуз. Андан кийин жуунасыз.
  • ♦ Денедеги ашыкча түктөрдөн арылуу үчүн дагы ар дайым айым жуунаардын алдында касторка майы менен сүртүп жүрсөңүз, 2-3 айда жоголот.

    ♦ Жеңил жаракат, күйүктүн тактарына да сүйкөп жүрсө, убакыт өтүп ал тактар жоголот.

    Ден соолук үчүн:

    ♦ Ич катыган учурда 1 чаш кашык касторканы жылуу суу менен ичип алсаңыз, ичти жумшартат.

    ♦ Катуу жөтөлдө уктаардан алдың көкүрөк жана аркага скипидар менен касторканы бир чай кашыктан алып аралаштырып, жылытып сүйкөсө болот.

    Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!