Моюн терисинин сулуулугу

Моюн терисинин сулуулугу
28-Сен. 2017, Бейшемби, 14:50

Бетке күткөндөй эле моюн терисине да кам көрүү керек. Анткени жаш өткөн сайын моюн да картайып, бырыш түшүп, салбырай баштайт. Ал эми муну алдын алуу үчүн бар болгону беш ингредиенттен турган масканы жасап көрүңүз.

Бул скраб-маска моюн терисин тартып, терини жакшыртат. Масканы жумасына бир жолу жасап, натыйжага оңой кол жеткириңиз.

Масканы жасоо үчүн:

2 чай кашык куркума уну;

3/4 стакан кант;

3-4 тамчы лаванда гүлүнүн эфир майы;

1/3 стакан өсүмдүк майы;

1 чым-чым ваниль;

айран кажет.

Айрандан башка баардык кошулмаларды аралаштырып, моюн менен көкүрөк тушка сүйкөңүз. Масканын курамына кантты кошпой койсо да болот. Эгер моюн териси өтө көп бырыш басып, кара тактар каптап кеткен болсо, кантты маскага кошкон оң.

Масканы 20 мүнөт кармап, укалап, жылуу суу жууп таштаңыз.

Жугандан кийин моюнга айран сүйкөлөт. Анткени масканын курамында куркуманан боёгу териге сиңип калат. Ал эми айран аны агартып, терини жумшартат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!