Мурунду операциясыз кичирейтүүнүн үч жолу

Мурунду операциясыз кичирейтүүнүн үч жолу
4-Окт. 2017, Шаршемби, 15:14

Негизи кыздарга бир нерсени жактыруу кыйын. Көбү өздөрүнүн мурундарына ыраазы болбой, өзгөртүүгө тырышышат.

Эгер мурдуңуз жакпаса заматта операция жасатууга ашыкпаңыз, аны макияждын жардамы менен да оңдоого болот.

Хайлайтер менен боёп койсо

Мурунду кичирейтүүнүн жөнөкөй ыкмаларынын бири-хайлайтер менен боё. Мурундун кырын өзүңүздүн териңизден эки тонго ачык түс менен боёп коюңуз.

Корректор сүйкөңүз

Мурунду кичирейтүүнүн дагы бир ыкмасы, эки жагын корректор менен боё керек. Өз териңизден эки тонго күңүрт түс менен мурундун эки бөлүгүнөн түз кылып сызуу кажет. Андан кийин жакшылап боёп салууңузга болот.


Көзүңүздү боёңуз


Мурундун кичинекей көрүнүүсү үчүн беттин башка бөлүгүнө көңүл бурдуруу керек. Мисалы көзүңүздү ар дайым өзгөчө кылып боёп жүрүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!