Бет терисин май менен жууңуз

Бет терисин май менен жууңуз
9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 13:58

Бетти өсүмдүк майы менен жууп чыгуунун көптөгөн артыкчылыктары бар: биринчиден, ар кандай типтеги бет терисин жакшы тазартат; экинчиден, терини кургап кетүүдөн коргойт; үчүнчүдөн терини жумшак, жагымдуу жана назик кылат.

Майды бетиңизге сүйкөп, укалап, бир аз жылуу суу менен жууп таштаңыз.

Эмнеге майлуу териге пайдалуу? Биздин терибиз ар дайым май бөлүп турат. Керек болсо кургак теринин өзүндө да май бездери кездешет. Терини жалаң гана суу менен жууп, биз жаңылышабыз, аткени майды суу менен кетире албайбыз. Ал эми майга май менен таасир берүүгө болот, тагыраак айтканда эритип, ашыкчасын кетирүүгө мүмкүндүк берет.

Суу менен жуунунун (самын, пенка менен гелдерди пайдалансаңыз да) дагы бир кемчиликтери бар. Биринчиден, көбүрткүч (пенка) сыяктуу баардык каражаттардын курамында химикаттар бар.

Экинчиден, суу менен жуунуу кирдеген теринин майлуу бездерин толук кетире албайт, ошондуктан теринин майда тешикчелери бүтөлүп, кара тактар пайда болуп, безетки чыгышы мүмкүн.

Сиздин териңизге кандай майлар пайдалуу:

-Жажоба майы баардык типтеги терилерге жарай берет, өзгөчө тез безетки баскан терилерге пайдалуу.

-Таттуу бадам майын майлуу териге колдонууга болот

-Жүзүм сөөктөрүнөн жасалган май да баардык териге пайдалуу, өзгөчө майлуу териге.

-Авокадо майы кургак териге, бырыш түшө баштаган териге пайдасы мол.

-Күн карама данын майы жана зайтун майы баардык типтеги терилерге колдонсо болот.

-Өрүк данегинин майы калыптуу жана кургак териге пайдалуу

-Арган майы да баардык типтеги терилерге жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!