Жылуулуктан сулуулук

Жылуулуктан сулуулук
16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:32

Кычыраган кыш мезгили оорудан сырткары өзү менен кошо көптөгөн кыйчалыштарды, кыйынчылыктарды ала келет эмеспи. Сиздерге сырткы кийимдер, кышкы бут кийимдер жана суукта чачка кандай көңүл буруу керектиги тууралуу кеңеш бермекчибиз.

Кышкы сууктан чачты кандай жол менен сактоого болот?


Кыш мезгилинин келиши менен адамдар терисин карап, ага көбүрөөк көңүл бура башташат да эмнегедир чач көмүскөдө калып калат. Ошондуктан кышкысын терибизди гана эмес, чачты да карай жүрүү абзел. Анткени чач да тери сыяктуу эле сезимтал келет. Ызгаардуу суук, ошону менен бирге бөлмөнүн ысык температурасы да чачтын бирден-бир каршылаштары болуп саналат. Чачтын бат-баттан түшүп туруусу, сынып калуусу негизинен витаминдердин жетишсиздигинин натыйжасында, температуранын бирдей абалда турбоосу да чачты кургактыкка алып келет.

А,С жана Е витаминдеринин пайдасы

Жогорудагы маселелерден кантип арылууга болот? Ал үчүн алгач чачка керектүү - А, С жана Е витаминдерин бериш керек. А-витамини чачтын өсүшүнө жардам берсе, С-витамини чачты бекемдейт. Ал эми Е-витамини көгүлтүр-кызгылт нурлардан сактап, чачты жалтыратат. Витаминдерден сырткары тамакка да көбүрөөк көңүл буруу кажет. Балыктан жасалган тамактар, жашылча жана мөмө жемиштер чачтын өсүшүнө чоң таасирин тийгизет. Дарыканаларда атайын чачты жууй турган майларды, маскаларды алып, 15-20 мүнөт убакыт кармап туруп, анан жууса мыкты натыйжа берет. Кышкысын чачты жумшарта турган атайын шампунду же бальзамды пайдалануу дурус.

Чачты да, башты да ойлоно жүрүңүз

Эгерде сиздин чачыңыз кургак жана бат-баттан түшүп турса, анда кышты күтпөй эле, эмитен кам көргөнүңүз туура. Айымдар күбүнчө үйдөн чыгаарда суук тийгизип албайын деп, чачтарын атайын кургаткычтын (фендин) жардамы менен кургатып алышат. Ал чачты кургатканы гана болбосо пайдасынан зыяны көп. Башкача айтканда баш терини кургатып жиберет. Андан көрө жылуу баш кийим кийип алганы оң.


Кышкы сырт кийимди кантип тандоо керек?

Эң алгач кийимдин чыккан фирмасына көз жүгүртүңүз. Андан кийин анын кездемесине, жасалгасына жана жарашыгына карап, тандап алыңыз. Быйылкы жылы кыргыздын оймо-чиймелери бар узун жана кыска тондор (дублёнкалар) модада. Буга чейин тондор калың кездемеден тигилип келсе, бул жылы стилисттер жука жана жеңил кездемени ылайык көрүшкөн. Ал эми күндө жолдо жүргөн, күн сайын жумушка барып- келип иштеген адамдарга калың курткадан өтөрү жок.

Эгерде шуба кийгиңиз келип жатса, анда коёндун терисинен тигилген шуба эң сонун көрүнөт жана жылуу болот. Каракүл, норка, кой, ондатр, түлкүнүн терисинен жасалган шубалар ар дайым модада жана аларды көп жыл кийүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!