Сулуу болгуңуз келсе...

Сулуу болгуңуз келсе...
20-Окт. 2017, Жума, 10:20

Кечинде той же кечки тамакка чакырдыбы? Ал эми сиз ага даярсызбы? Сулуулук салонуна баргыңыз келет, бирок жумуштан бошой албайсыз же каражатыңыз жетпейт. Айрым учурда миң сомуңузду кремге же бет жуучу каражатка короткуңуз келбейт.

Анда үйдө жасанып, сулууланалы. Ал үчүн эч кандай чыгым тартпайсыз, кезек да күтпөйсүз. Ал эми натыйжасы салондордон артык болбосо кем да болбойт. Ошону менен, бетиңизди күндө тазалоо куралы менен сүртүңүз.


Тоник, лосьон каражаттарын үйдө жасап коюга да болот. Бирок, ал бөлөк тема. Ал эми бүгүн бетке тез маска жасаганды үйрөнөлү. Бетти тазалап алгандан кийин, 1 чай кашык кофе, 2 чай кашык сулуу жармасы (овсяные хлопья), 2 чай кашык сүт, 2 чай кашык өсүмдүк майы менен 2 чай кашык балды аралаштырыңыз. Кофе менен сулуу жармасын алдын ала блэндер аркылуу майдалап алсаңыз, сүйкөгөндө ыңгайлуу болот. Баарын аралаштырыңыз да, бетиңизге сүйкөңүз. Жарым саат кармап жылуу суу менен чайкап салыңыз. Май бетти макияжга даярдаса, кофе жеңил скраб катары терини тазартат. Бал менен сүт, сулуу нымдаштырат, бет терисин жумшартып, күтөт. Маскаңыздан калса колдоруңузга да сүйкөңүз. Массаждуу кыймыл менен абдан укалап, жылуу суу менен чайкап алып, крем сүйкөп коюңуз. Бул қол териси үчүн скраб процедурасы болот.

Тырмактарыңыз қандай? Кыйшык жери болсо өгөөлөп, көйнөгүңүз менен түсү дал келген лак менен боёп коюңуз. Масканы жууганга дагы 20 мүнөт бар. Көйнөгүңүздү иреттеңиз. Бет жууганча убакытты ушундай пайдалуу өткөрүүгө болот эмеспи. Эми жууна берүүгө болот. Өзгөрүүнү бир колдонгондо эле байкайсыз. Эми аз гана тоналдык крем сүйкөп, макияжыңызды жасай бериңиз. Айтмакчы, негизги акцентти көз менен эринге жасаңыз. Быйыл бул өтө модалуу. Ал үчүн көзгө кара сурма (подводка) тартып, кирпикти боёңуз. Ал эми эринди кызыл түскө жакшылап боёсоңуз жетет. Бул образ менен кечтин сулуу келинчеги болоруңузга сөз жок. Чачыңызды жарашыктуу түйүп алыңыз. Бул эскирбеген классика. Мына тез арада жасалган масканын сыры ушул. Жалаң гана кечки иш-чараларга барарда гана эмес, жумасына эки жолу жасап турсаңыз, сулуулугуңузга сулуулук кошулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!