Бырыштан сактанам десеңиз...

Бырыштан сактанам десеңиз...
24-Окт. 2017, Шейшемби, 09:55

Бырыш - ар бир аял каалабай турган «сулуулук». Мезгилинен эрте түшкөн бырыштан кантип сактануу керек? Бул суроого адистердин пикири менен жооп берүүгө аракеттенип көрдүк.

Бырыштын биринчи жарчысы - кадимки эле тике тийген күн. Эгерде күн астында көп жүрсө, тери мезгилинен эрте картаят. Мунун алдын алуу үчүн күндөн сактоочу майды күнүгө пайдаланууну адат кылып алсаңыз, жаман болбойт. Терини жакшылап жуугандан кийин, бет майды дыкаттык менен жаап, ашыгын кагаз жүз аарчы менен алып салыңыз.

Көп учурда күндөн сактоочу кара көз айнек тагынып жүргөн дурус.

Мүмкүн болушунча баш кийим, шляпа кийген жакшы.

Бүшүркөп кароо, мурунду бырыштыруу, кабак түйүү сыяктуу мимикалар бырыштын бетке эрте түшүүсүнө жакшы жардамчы.

Мүмкүн болушунча, организмди С витамини менен камсыздаганга аракет кылыңыз. Бул витамин териге жакшы жардам берип, клеткаларды бузган эркин радикалдардын жок болушун шарттайт.

Ар дайым бирдей салмакта болууга аракеттениңиз. Диета кармап, арыктаганды да тездик менен жасаган жакшы эмес. Себеби, ашыкча салмактан арылган тери дароо бошоп, бырыштын пайда болушуна шарт түзүлөт.

Азыркы биздин кыз-келиндерде модага айланып бара жаткан тамеки тартуу адатынан алыс болуңуз. Чылым беттеги капилярдык кан тамырларды кысып, териге кан жүгүрүүнү азайтат. Кайрадан эле бырыштын бетке түшүүсүнө жардамчы болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!