Сулуулук үчүн 4 кеңеш

Сулуулук үчүн 4 кеңеш
30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:07

Кылымдардан келе жаткан дары чөптөр менен эмдөө ыкмасы:

1.Терини бир калыпта сактоо үчүн, жарым киллограм жүзүм суусун бетке сүйкөп 10 мүнөт күткөндөн кийин бир чай кашык ашкана содасы аралаштырылган суу менен жууйсуз.

2. Бет терисинде кара тактарга, саз топурагы (глина) менен балдын кошулмасы аркылуу оңой кетет. Аралашманы бетке сүйкөп, жарым сааттан кийин жууп, нымдуу сүлгү менен сүртүү керек.

3. Беттеги чоң-чоң тешиктер үчүн саз топурагы же болбосо сабиз ширесин бетке сүйкөп бир сааттан кийин жууп таштаңыз.

4.Териге сулуулук берүү үчүн: бир кашык бал мен бир жумуртка агын жакшылап аралаштырып бетке сүйкөлөт. 5 мүнөт күткөндөн кийин алакан менен бет териси бастырылып тарткылайсыз. Бул процесс 4-5 ирээт кайталанып, салкын суу менен жууйсуз.

Бет терисинин табигыйлыгын сактап калуу үчүн бул ыкмалар таптыргыс кеңеш болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!