Эрини кургагандар үчүн кеңеш

Эрини кургагандар үчүн кеңеш
10-Ноя. 2017, Жума, 09:38

Курамында А витамини бар азыктардан көбүрөөк жеңиз: сабиз, боор, каймак май, быштак, жумуртка, балык майы. Түндөсү эриниңизге бал же бадыраң ширесин сүйкөп жатыңыз.

Ар күнү кечинде эриниңизге 1 кичине кашык быштак менен 1 кичине кашык сабиз ширесинин аралашмасын сүртүңүз. Бул эриниңизди жумшартат.

Эгер эриндериңиз өтө катуу жарылгандан улам канай баштаса, кечинде календула майынан, күндүзү түссүз гигиеналык помада сүртүп жүрүңүз.

Алманы кырып, азыраак өлчөмдөгү сүткө кайнатасыз. Пайда болгон боткону калың кылып жарылып кеткен эриниңизге коюп, таза чүпүрөк менен жаап 30 мүнөт жүрөсүз. Бул процедураны күн сайын кайталаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!