Сулуулугуңузга сулуулук кошуңуз

Сулуулугуңузга сулуулук кошуңуз
14-Ноя. 2017, Шейшемби, 10:07

1. Чарчаган көздү калыбына келтирүү үчүн көзүңүздүн айланасына кыргычтан жаңы эле өткөрүлгөн картошкадан маска жасасаңыз болот. 10-15 мүнөт коюлган маска көздүн айланасындагы бырыштарды жазат, күн сайын жасалган макияждан чарчаган көздүн назик терисин эс алдырат.

2. Каш тергенде оору сезилбеш үчүн териңизге крем сүртүп алыңыз. Ашыкча кремди кебез менен сүртүп салсаңыз болот, болбосо, каш тергич сыйгалана берет.

3. Бака жалбыракты кайнатып, анын маңызын муздаткычка тоңдуруп коюңуз да, ар күнү эртең менен ошол муз менен бетиңизди сүртүңүз. Бул бетиңиздин клеткаларын жандандырып, майда жараттардан арылтат.

4. Кандай гана крем болбосун, аны бетти жуугандан кийин жок дегенде 15 мүнөттөн кийин коюңуз.

5. 25 жаштан өткөн бардык аялдар үчүн күн сайын бет үчүн көнүгүү жасоо пайдалуу: манжаларыңыздын учу менен бетиңиздин бардык бөлүгүн 5 мүнөт ургулаңыз. Бул кан айланууну жакшыртат, терини жандандырат, бырыштын пайда болушунун алдын алат.

6. Күз-кыш айлары үчүн эң жакшы маска болуп бал жана оливка майы маскалары эсептелинет. Аларды аралаштырып (1:1) колдонсо да болот, өз-өзүнчө колдонсо да болот. 10-15 мүнөт бетке коюп, андан соң самынсыз жылуу сууга жууп салуу керек.

7. Ар кандай маскаларды коңордо бетиңизди 10 мүнөт бууга тоссоңуз, маска жакшы таасир этет. Андан кийинки процедура: калың таза кездемени ысык сууга малып сыгып, бетиңизге жабыңыз. Ушундан соң гана каалаган маскаңызды жаба бериңиз.

8. Майлуу беттерди шалфейдин, ромашканын маңыздары менен сүртсө болот.

9. Жылтырап турган майлуу меттер менен күрөшүүдө курамында спирт бар каражаттарды колдонууга болбойт. Ал теринин сырткы катмарын кургатканы менен маселени чечүүгө жардам бербейт.

10. Ээктин астындагы "экинчи ээкти" кичирейтүү үчүн төмөнкү процедураны күн сайын жасаңыз: 1 чай кашык туз кошулган 1 стакан сууга малынган сүлгү менен ээгиңизди жана моюнуңузду 3-5 мүнөт чапкылаңыз.

11. Териси бырышып, бошоң тарта баштаган моюндар үчүн маска: аябай жакшы бышкан бананды эзип, моюнуңузга жабыңыз да, 10-15 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп салыңыз.

12. Жылуу суу толтурулган ваннага бир стакан сливканы же майлуу сүттү кошуп жиберип, ошол сууга чайынсаңыз, бул курган терини жумшартуучу жана тазалоочу эң жакшы каражат болуп эсептелинет.

13. Ваннадагы сууга кошулган жаңы сыгылган апельсиндин ширеси болсо терини жандандырып, серпилгич кылат.

14. Чыканактын катып калган терисин жумшартуу үчүн лимонду тең ортосунан бөлүп, чыканагыңызды бул "чөйчөккө" 10-15 мүнөт салып туруңуз.

15. Колдун териси үчүн азыктандыруучу маска: 1 жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык бал, 1 чай кашык овсянка унун аралаштырыңыз. Аны калың кылып колуңузга сүйкөп, кебезден жасалган кол байпак кийип түнү бою, жок дегенде бир нече саат кармаңыз.

16. Териси катып, жарылып кеткен буттар үчүн маска: 200 грамм сүткө орточо көлөмдөгү бир алманы 30 мүнөт кайнатасыз. Андан соң аны эзип, боткосун таза жуулган бутуңузга сүйкөйсүз. 15-20 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп саласыз.

17. Эгерде бут кийимиңиз өйкөп, бутуңуз кабарып кетсе, аны лимон менен дарылоого болот. Жатаарда кабарган жериңизге лимондун кабыгын ички бетинен коюп, байпак кийип алыңыз. Эртең менен тери оңой сыйрылат.

18. Эгерде бутуңуз көп тердесе, бутуңузду жумасына 2 жолу муздак суу менен жууп туруңуз.

19. Эгерде чачыңыз жука болсо, аны кубаттуу жана барпагай кылуу үчүн цинкке, кальцийге бай тамактардан көбүрөөк жеңиз.

20. Какачка каршы элдик каражат: 1 баш пияздын эң сырткы кабыгын 0,5 литр кайнак сууга 15 мүнөт демдеп коңсуз. Бул маңыз менен бир ай бою чачыңызды жуугандан кийин чайкайсыз.

21. Чачыңызды фендин жылуу абасы менен кургатыңыз. Ысык абасы чачты бузат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!