Тырмакты туура күтө билүү

Тырмакты туура күтө билүү
17-Ноя. 2017, Жума, 13:13

Замандын бат аккан агымына жараша сулуулуктун бир түрү болгон маникюр искусствосу күндөн-күнгө кеңири кулачын жаюуда. Мисалы, кымбат лакты туура эмес боеп алсаңыз, анын баасы бир тыйынга да татыбай калат.

Дарылык касиети бар маникюр

Ар качан болбосун, колуңузга түрдүү жыттуу майлардын бир канча тамчыларынан кошулган самындуу ванна жасаганды адат кылыңыз. Эгер тырмактарыңыз бат сына бере турган болсо, анда лимондун майын же ширесин кошуп коюу зарыл. Тырмакты өгөөлөдө ага туура атайын тырмак учүн арналган кичине арааны туура тандаш керек. Алар жыгач, айнек же карапа курамынан жасалса, жакшы натыйжасын берет. Ар дайым эсиңизде болсун, аялзатынын тырмагы эч качан тубүнөн кыркылбайт. Мындай кадамга барсаңыз, колдоруңуз эркектикине окшошуп, тырмагыңыз өз назиктигин жоготот.

Тырмактарга туура жана сулуу форма берүү үчүн, алгач тырмагыңызга көңүл буруңуз. Эгерде алар: жалпак жана сүйрү болсо, сизге тырмакты өстүрүүдөгү бардык форма ылайыктуу. Сизди кызганса да болчудай, мактана жүрүңүз.

Сүйүү, бирок томпок болсо, анда квадрат формасы туура келет.
Тырмактын кырларын учтуу кылыштын кажети жок.

Тегерек жана тегизби, сизге да бардык түрдөгү форма жарашат.

Тегерек, бирок томпоктуу, анда квадрат формасы төп келет. Бирок тырмактын учтарын тегиздебей эле коюңуз.

Табияттан квадрат формасында болсо, анда тырмакты да ошондой формада сакташ керек. Учтарын тегиздеш үчүн манжаларыңыз узун жана ичке болуш керек.

Үч бурчтуу формага ээ болсоңуз, классикалык сүйрү формада алып жүрүүңүздү сунуштайбыз. Бул айрым кемчиликтерди жымсалдап кое алат.

Тырмакты тазалоо жана аны күтүү

Тырмактар - эң көп массадагы чаңдардын топтолуусуна ыңгайлуу жер. Ошондуктан, биздин организмибиз аны менен күрөшүү үчүн атайын майлуу катмар иштеп чыгат. Бул жайында эле эмес, жылдын бүт мезгилинде кайталана берет. Мындай майлуу катмар териде жана чачта да кезигет. Эмнегедир көп айымдар тырмакты дароо боеп баштайт. Ага чейин атайын каражаттарды колдонуу эстен чыгып кетет окшойт. Бул жагдай алардын май катмарынан кутулууга жана тазаланууга жардам берет. Алгач, колду жууп, лакка чейин атайын каражат менен тазалап, кийин боеш зарыл. Ошондо гана боек жакшы жугуп, көпкө сакталат.

Тырмакты боео

Түстүү лак тегиз боелсун десеңиз, астына түссүз лакты сүртүңүз. Ошенткенде гана үстүңкү катмар көбүктөнбөйт жана түстүү лак көпкө чейин кармалат. Көпчүлүк көнүп калгандай, батыраак кургатуу үчүн үйлөбөш керек. Кургашы бат болгону менен маникюруңуз өтө жакшы деңгээлге жетпей калат. Түстүү лакты боегондон кийин кайрадан түссүз лак менен боеп койсо да болот. Мындай жагдай түстүү лакты жалтыратып жана күн нурларын чагылтат.

Лакты коюу

Канчалык бат кургаган лак деп сатпасын, дароо эле калыңдатып бое туура эмес. Алгач, жука кылып боеп алып, кургагандан кийин гана 2-жолу сүртсөңүз болот. Лак кандай түстө болбосун, аны тырмактын түбүнөн карай бое талапка ылайык. Сөзсүз түрдө тырмактын бардык бөлүгүн жаба бое деген шарт туура эмес. Өзгөчө териге жакын жана байкалбай калган жерлерин калтырып койгон эле жакшы. Себеби, көбүнчө тери да кошо боелуп калат да, маникюр начар көрүнүп калат.

Түстү тандоо

Косметологияньш «алтын» эрежеси бар. Аңда «оозго боелгон помаданын түсү кандай болсо, тырмактагы лактын өңү да ошого шайкеш болуш керек» деп айтылат.

Бирок азыркы учурда бул «мыйзам» эскирип калгандай сезилет. Себеби, «окшоштук тартиби» бүгүнкү күндө офис айымдарына гана тийиштүү экени белгилүү. Эгерде, тырмагыңызда ак тактар болсо, түссүз лак менен боедон баш тартыңыз. Ал эми, тырмакгын узундугу менен түсү шайкеш келиш үчүн бир канча сунуштарды берип өтөлү. Эгерде тырмактарыңыз кыскараак болсо, анда анча байкалбаган түстөр менен боекерек. Мисалы, кызгылт, же териге окшош түстүн бардык өңү ылайыктуу боло берет. Бирок тырмагыңыз тегерек жана анча чоң эмес болсо, кыпкызыл же кара түстөр шайкеш келет. Анын үстүнө, канча убакытган бери мындай көрүнүш модадан түшпөй келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!