Кашты хна менен боёңуз

Кашты хна менен боёңуз
18-Ноя. 2017, Ишемби, 10:43

Азыркы жашоодо кыздардын бардыгы каштарын боёп жүрүшөрү белгилүү. Адистерге ишенбесеңиз же үй шартында боёго туура келсе ал үчүн бир нече ыкманы сунуштагыбыз келет.

Кашты хна менен боёгон оң, жана аны ар бир косметикалык дүкөндөн сатып алууга болот.

Хна кашка зыян келтирбет, тескерисинче азыктандырып, калыңдатууга жакшы жардам берет.

Кашты хна менен боёрдун алдында, пилинг жасоо маанилүү. Терини тазалап, ашыкча каштардан арылып таштаган жөн. Андан соң майлуу кремди каштын тегерегине сүйкө. Бул ашыкча хна боёгун чыгарууга жакшы жардам болот.

Хнаны сүйкөгөндөн кийин өзүңүздүн түсүңүз чыкканча күтө туруңуз да андан соң жылуу суу менен жууп таштаңыз. Боёлгон хна узагыраак сакталуусу үчүн 24 саатка чейин суу менен жуубаңыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!