Күндө чач жууган зыян

Күндө чач жууган зыян
21-Ноя. 2017, Шейшемби, 10:58

Чачты күтүү кыздар үчүн ролу өзгөчө экени эзелтен эле белгилүү. Чач сулуулугу бир аз эмгекти да талап кылат. Жумасына бир нече ирет шампунь, түрдүү маскалар, бальзам жана башкаларды пайдаланып келебиз. Ага кошо кыздардын күндө баш жууп турганы да бар. Шампунду пайдалануу өз алдынча, ал эми чачыңызга тийгизген зыяны тууралуу бир жолу болсо да ойлонуп көрдүңүзбү?

Адистердин айтуусу боюнча, чачты тез-тезден жууган сайын анын майлуулугу арта түшөт. Май кабаты баш терисин кургап кетүүдөн сактагандыктан, күндө жуулуп турган чачта май тез эле пайда болот. Ал эми чачтын тез майланып кетүүсү баш терисинин туура кызмат аткаруусу десе да болот. Себеби, май кабаты чач талчыктарындагы нымдуулуктун сакталуусун камсыз кылат. Ошондуктан чачты күндө жуубай, шампунду чачтын түрүнө карай тандоо керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!