Көзүңүздү боёгондо эске алыңыз

Көзүңүздү боёгондо эске алыңыз
1-Дек. 2017, Жума, 12:35

Көзүңүздүн формасы кандай? Формасына шайкеш келтирип кандай боёго болот? Көздү сулуу көрсөтүүгө болобу?

Көздү боёгондо эске алчу эрежелер:

Эгер көзүңүз өтө терең кирип турган болсо жашыл, көк боёкторду боёгондон оолак болуңуз.

Эгер көзүңүз бүтүк болсо –боёктун өтө ачык түстүү болгону жөн.

Эгер көзүңүздүн арасы алыс болсо- каштын арасына күрөң упа сүйкөгөн оң.

Эгер көзүңүз тегерек болсо - боёк кабактын үстүнкү жагына гана сүйкөлөт.

Эгер көзүңүз чоң болсо же болбосо бири-бирине жакын жайгашса, көз сызыгынын дал үстүнөн боё кажет.

Ак түстүү боёкту көздү чоң кылып көрсөтүү үчүн колдоонуга болот. Көзүңүздүн ички, мурынга жакын турган бурчтарын сулуулап ак түстүү боёк менен боёп, калган жактарын каалаган түсүңүз менен боңуз.

Эгер көзүңүз кичинекей, жүлжүк болсо, асты-үстүн калың кылып боёңуз, көзүңүз чоң болуп көрүнөт. Ошондой эле, көзүңүздөгү сызыкты бир аз жогорурак кылып боё аркылуу көзүңүздү чоң көрсөтө аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!