Жасалма кирпиктер тууралуу

Жасалма кирпиктер тууралуу
6-Март 2017, Дүйшөмбү

Кээ бир кыздардын табиятынан кирпиктери узун жана калың болбогондуктан, сулуулук салондоруна барып кирпик узартуу процедурасын жасатышат.

Кирпик узартуу- көздү чоңойтуп көрсөтүүчү жөнөкөй жана оңой кол жетүүчү нерсе болуп калды. Бирок ошонтсе да бул процедура тууралуу эмне билүүбүз керек?

Жасалма кирпиктер микрофибрадан, адам чачынан, синтетикалык материалдардан жана полимерден жасалышы мүмкүн. Алардын 6-17 миллиметрге чейин узундуктагы түрлөрү бар.

Стандарттык түстөрү кара менен күрөң, бирок азыркы убакта каалаган түстү тандап улатсаңыз болот. Өз ишин жакшы билген адис кирпиктериңизди түрлүү кылып узартат.

Кирпиктер кыскалары көздүн ички бурчунда, ал эми узундары сырткы бурчунда орун алган. Эгер көзүңүз кыйшык болсо узун кирпиктерди көздүн ортосуна улайт. Эгер көзүңүз бири-бирине жакын болсо узун эмес, орточо кирпиктерди жабыштырыңыз. Тескерисинче, көздөрүңүз алыс жайгашкан болсо, узун кирпик жарашат.

Кимдерге кирпик узартууга болбойт?

Кирпик узартуу маалында кирпигиңиз өтө ичке жана сынып кала турган болсо, кирпик узартуу сизге ылайыктуу эмес экенин унутпаңыз. Мындай учурда бир күндүк жабыштырылуучу кирпиктер жардамга келет.

Кирпик узартууга болбой турган экинчи учур –өтө кыска кирпиктерге. Бул учурда кирпик узарта турган болсоңуз, сиздин жана жасалма кирпиктин арасы өтө кыска болуп, узарткан кирпиктериңиз жакшы жабышпайт. Баланы эмизген маалда жана кош бойлуу кезде кирпик улоого болбойт.

Кирпик узартуудан кийин эмне кылууга болбойт?

Процедурадан соң 24 саат өтмөйүнчө кирпиктерди кармалай бербеш керек. Курамында кычкылтек бар косметикалык каржаттардан улам да түшөт. Жаздыкка бети менен жатпай, тушь сүйкөбөй, курамында май бар ар түрдүү косметикалык каражаттарды унутуу керек. Кирпикти тараганга болбойт. Кирпик улангандан кийинки алгачкы 48 саат аралыгында сауна, солярий, мончо, парга отурбаш керек. Ысык суу менен эмес, салкын суу менен жууңуз. Ошондой эле кирпик улангандан кийин спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт (24 саат аралыгында).

Организмде өзгөрүү болсо, инфекциялык оорулардан, гормоналдык бузулуу, суук тийсе, жөнөкөй суук тийген учурда көп сандагы май бөлүнүп чыгат, натыйжасында кирпик түшүп калат.

Кирпик улоодо эң кооптусу : өз кирпиктериңиз түшүп калуусу мүмкүн. Мындай жагдайда узартылган кирпиктерди кетирип, калыбына келтирүүчү ыкмаларга өтүүңүз кажет. 99% кирпик кайрадан өсүп чыгат. Кирпик узартуунун бир артыкчылыгы кошумча макияж жасоону кажет кылбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!