Баш кийим кийгенде чачты көлөмдүү бойдон сактоо үчүн

Баш кийим кийгенде чачты көлөмдүү бойдон сактоо үчүн
18-Янв. 2018, Бейшемби, 13:15

Кышында баш кийим кийген кезде чачка жасалган прическаны сактап калуу ар бир кыздын көйгөйү болуп келет эмеспи. Баш кийим чачты сууктан гана коргобой ошондой эле стилдүү аксессуар да болуп саналат. Бирок анын дагы бир кыйынчылыгы бар. Баш кийим кийгенде чачтын көлөмдүү жана “жаткызбай” сактап калуу өтө кыйын. Бул учурда эмне кылсак болот?

Болушунча көлөмдүү кылып чач үлгүсүн жасап кийиңиз

Чачка көлөм берүүчү шампунь менен бальзам колдонуңуз.

Чач катыруучу лактан алыс болуңуз.

Чачты эшекке чыгаардан 3-4 саат мурда жууңуз.

Көкүлүңүз болсо түбүнөн көтөрүп, баш кийимди жогору карай кийиңиз.


Эгер чачыңыз узун болсо желкеңизге түйүңүз. Ичке киргенде жайып, силкүү керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!