Мандарин маскалары

Мандарин маскалары
1-Фев. 2018, Бейшемби, 11:09

Кургак жана нормалдуу терилер үчүн: Мандариндин кабыгын кургатып, кофемолканын жардамы менен майдалаңыз. Пайда болгон талкандын 1 чоң кашыгына 1 чай кашык каймак жана 1 чийки жумуртканын сарысын кошуп аралаштырыңыз. Аралашманы бетиңизге сүртүп, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу сууга малынган кебез менен тазалап салыңыз.

Майлуу терилер үчүн лосьон: 1 даана мандаринди кабыгы менен кошо кыргычтан өткөрүңүз же майда туураңыз. Үстүнө 50 грамм арактан куюп, караңгы жерге коюп 6-7 күн тыныктырып коюңуз. Андан соң тундуруп, маңызга дагы ошончо өлчөмдөгү кайнатылган сууну куясыз да, бул аралашманы лосьон катары күн сайын эртең менен, кечинде бетиңизге сүртөсүз. Эгер териңиз нормалдуу болсо, ушундай эле ыкма менен жасалган лосьонго 1 чай кашык глицерин кошуп алыңыз.

Түлөгөн беттер үчүн маска: 1 же 2 даана мандариндин кабыгын аарчыңыз. Ошол кабыктын ички бетине өсүмдүк майынын кайсы гана түрү болбосун сүртүп, аны бетиңизге жабыңыз (көзүңүздүн айланасын ачык калтырып коюңуз). Колуңуз менен жеңил баскылап 15 мүнөт тынч жатыңыз. Андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз. Теринин кургактыгынан арылуу үчүн мандариндин этин 15-20 мүнөт бетке коюу же ширесин сүртүү да жакшы жардам берет.

Бетти тазалоочу маска:1 даана мандаринди аарчып, этин жакшылап эзиңиз. Ага 1 чоң кашык крахмалды же унду кошуп аралаштырыңыз. Аралашманы бетиңизге жаап, 15 мүнөттөн кийин нымдуу кебез менен алып салыңыз да, артынан жылуу суу менен жууп алыңыз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!