Косметикасыз сулуу көрүнүү үчүн

Косметикасыз сулуу көрүнүү үчүн
5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 10:16

Кою кара каш, кайрылган калың кирпик, жибектей жумшак чач ... «Булардын баарына кымбат косметиканын жардамы менен кол жеткирсе болот» деп ойлогон кыздар аз эмес. Ошентсе да эч кандай косметикасы жок эле сулуу көрүнүүгө болот. Кантип десеңиз өзүңүз окуп көрүңүз...

Бет терисинин сулуулугу үчүн ромашка гулүнөн чай даярдаңыз. Ал үчүн 1 аш кашык ромашка гүлүн термоска салып, 1 стакан кайнаган ысык суу куюп, оозун жаап коюңуз. 30 мүнөттөн кийин алып, сүзүп, 1 чай кашык бал кошуңуз. Даяр чайды күндө эртең менен ач карынга 1-2 урттап, процедураны 2 жума тынбай улантыңыз. Ромашка чайы жүзүңүзгө өзгөчө жагымдуулук тартуулайт.

Кирпигиңизди узартып, калыңдатууну кааласаңыз, үйдө даярдалуучу майга маани бериңиз. Таза идишке кастор, бадам, кунжут, репейный майларын бирдей өлчөмдө куюп, ага Е витаминдерин (сактоо убактысын узартуу үчүн) кошуңуз. Даяр масканы күндө жатар алдында кургак, таза кирпикке сүйкөш керек. Бир жумадан кийин натыйжасын байкасыз.

Чачыңыз учталып, көп түшө баштаса, бул масканы жасап көрүңүз. Бир идишке 1 жумуртканын сарысын ½ стакан жөнөкөй йогурт (эч кошулмасы жок) кошуп аралаштырыңыз. Ага 1 аш кашыктан кастор, кокос, авокадо менен жожоба майларынан кошуңуз. Баарын жакшылап аралаштырып, кургак чачка сүйкөп, башыңызга полиэтилен баштык кийиңиз. Бир саатан кийин башыңызды жууңуз.

Колдун териси жумшак болсун десеңиз, колго сүйкөгөн крем менен уксусту бирдей өлчөмдө алып, аралаштырып, кечинжде жатар маалда колуңузга сүйкөңүз. Бир жумадан соң натыйжасы көңүлүңүзгө толот.

Кара тактардан тезирээк арылуу үчүн бетиңизди күндө 3 жолу лимон кесиндиси менен сүртүңүз. Бетиңиздеги лимон ширеси өзү кургагандан кийин жылуу суу мененжууп салыңыз.

Жибектей жумшак, жылтыраган чачты кыялданып келесизби? Анда эмесе, 1 банан менен 1 аш кашык зайтун майын блендер менен эзип алыңыз. Ага 2 чай кашык бал менен 1 аш кашык жөнөкөй йогурт кошуңуз. Баардыгын жакшылап аралаштырып, нымдуу чачка сүйкөп, башыңызга полиэтилен баштык кийиңиз. 30 мүнөттөн кийин чачыңызды жууңуз. Кыялыңызга заматта жетесиз!

Териңиз тулөп жатабы? Мындайда алоэ ширеси жакшы жардамчы болот. Ал үчүн 100 грам алоэ ширеси менен 3 чай кашык кайнаган суу, 3 аш кашык спиртти аралаштырабыз. Бул лосьон менен бет терисин күндө сүртүп туруш керек. Теридеги лосьон өзү кургагандан кийин (болжол менен 10 мүнөттөн) кийин бетиңизди жууп, крем сүйкөңуз.

Тырмакты агартып, бекем кылуу үчүн аны лимонго салуу жа жетиштүү. Лимонду ортосунан экиге бөлүп, тырмактарыңызды ичине 15 мүнөт салыңыз.

Тишти агартуу үчүн активированный уголь таблеткаларын майдалап, тиш пастасына кошуңуз. Бул паста менен тиш жууганга атайы бөлөк щетка алганыңыз оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!