Алма маскалары

Алма маскалары
17-Фев. 2018, Ишемби, 11:43

Азыктандыруучу маска:

1 даана орточо өлчөмдөгү алманы кыргычтын майда тишинен өткөрүп, ага өзүңүз колдонуп жүргөн кремден аралаштырасыз. Аралашманы 15 мүнөт бетиңизге коюп туруп тазалап саласыз.

Сепкилдерди кетирүүчү маска:

Кабыгы аарчылып, уруктары тазаланган жарым алманы кыргычтын майда тишинен өткөрүңүз. Ага 1 чай кашык бал, ушунча эле өлчөмдө аскорбин кислотасын, алма уксусун жана 2 чоң кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштырасыз. Бетиңизге 15 мүнөт койгондон кийин алгач жылуу суу менен, андан кийин салкын суу менен жууп салыңыз.

Агартуучу маска:

Кыргычтан өткөрүлгөн 1 чоң кашык алма менен ушундай эле өлчөмдөгү кыргычтан өткөрүлгөн бадыраңды, 1 чоң кашык майлуу каймакты аралаштырасыз. Аралашманы бетиңизге сүртүп, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп саласыз.

Жашартуучу маска:

1 даана алманы кыргычтан өткөрүп, ага 1 чоң кашык сливканы жана 1 чоң кашык оливка майын кошуп аралаштырасыз. Муну 15-20 мүнөт бетиңизге коюп, андан соң кайнатылган жылуу суу менен жууп саласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!