Беттеги бырыштарды кантип кетирсе болот?

Беттеги бырыштарды кантип кетирсе болот?
15-Март 2017, Шаршемби

Ал үчүн керектелүүчү заттар:

Бир жумуртканын агы

½ чай кашык лимон ширеси

½ чай кашык кокос майы

Даярдоо ыкмасы:

Эң алгач орточо өлчөмдөгү жумуртканы алып, аны сарысы менен агын ажыратып аласыз.

Жумуртканын агын идишке салып алып, көбүк болуп чыкканча аралаштырасыз.

Андан соң ага лимон ширесин, какос майын куюп дагы бир жолу аралаштырасыз.

Бул лифтинг маскасын бетке жана моюнга сүйкөйсүз. Кургаганча 5-10 мунөт күтүп отуруңуз, андан кийин бетти суу же болбосо чөп кайнатылган суу менен жууп саласыз. Бул масканы жумасына эки жолу жасап турсаңыз жыйынтыгы көрүнө баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!