Мыкты кожойке болуунун алтын эрежеси

Мыкты кожойке болуунун алтын эрежеси
2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 14:46

Үй-бүлөлүк турмуштагы түмөн-түйшүк менен кошо аялзатына таандык сапаттарды бирдей алып жүрүү ар кимдин эле колунан келе бербесе керек. Кандай гана мырза болбосун, айымдардын мыкты кожойке, идеалдуу түгөй болуусун каалайт эмеспи. Мындай сапаттарга жетүү үчүн мырзалардын көз карашы менен аялдарга бир нече пайдалуу кеңештерди сунуш кылабыз.

Өзүңүзгө кам көрүңүз

Мырзадардын көпчүлүгү бул пунктту тизменин башына коюшат. Эркектерге алардын аялынын, сүйлөшкөн кызынын кандай көрүнгөнү баары бир эмес. Көпчүлүк аялдардын кетирген катасы - сырткы келбетин, чач жасалгасын, салмагын көзөмөлдөбөй койгону.

Күйөөңүздүн көзүнчө боенбоңуз

Эркектер жанындагы аялынын дайыма сулуу болуп жүрүшүн каалаганы менен бул сулуулукка алар кантип ээ болду, аны билгилери келишпейт. Алар аялдардын табигый сулуулугуна ишенишет жана макияжын байкамаксан болуп коюшат.

Орой болбоңуз жана даттанбаңыз

Эркектер аялдын назик, сезимтал, жароокер болгонун жактырышат. Бир дагы эркек орой, болор-болбос нерсе үчүн чыр чыгарган, сөгүнгөн аялды жакшы көрбөйт. Оройлук сыяктуу эле эркектер аялдардын кейип-кепчип, бир нерселерге нааразылана бергенин да жактырышпайт. Андыктан, күйөөңүзгө курбуңуз, жетекчиңиз, ден соолугуңуз тууралуу азыраак даттанууга аракет кылыңыз.

Акылдуу болуңуз

Идеалдуу аял акылдуу болууга тийиш, бирок анысын жашыра билүү керек. Күйөөңүздү өзүңүздүн акылдуулугуңуз менен басынтпаңыз жана аңкоолугуңуз менен кыжырдантпаңыз.

Жаман адаттардан баш тартыңыз

Тамеки чекпеңиз, ичимдик ичпеңиз, мас аялдан өткөн жаман нерсе жок. Бул зыяндуу адаттар, албетте, сизди идеалдуу кылбайт. Анан да эч кайсы эркек өзүнүн аялынын, келечектеги балдарынын энесинин зыяндуу адаттарга ээ болушун каалабайт.

Жарашыктуу кийиниңиз

Көпчүлүк эркектердин көңүлүн өзүңүзгө буруу аракетинде ашыкча ачык кийингенден качыңыз. Бул сизге түбөлүктүү, жакшы эркекти табууга жардам бербейт. Эркек табышмактуулукту жактырат.

Кожойке жана эне болгонго даярданыңыз

Эркектердин баары идеалдуу аялдары аларга идеалдуу балдарды төрөп беришин, аларды тарбиялашын каалашат. Андыктан, үй оокаттарын жасоодон, бала төрөп эне болуудан эч качан баш тартпаңыз.

Таң калтырып жана суктандырып туруңуз

Убакыттын өтүшү менен ортодогу сезимдердин басаңдашы эч кимге деле сыр эмес. Бирок никени, ортодогу жакын мамилени сактап калуу аялдын колунда. Ар түрдүү боло билиңиз, ар кандай идеялар менен, тамак-аш менен таң калтырууга үйрөнүңүз. Ошондо сизге бир гана өзүңүздүн күйөөңүз эмес, айланаңыздагылардын баары суктанышат.

Бош отурбаңыз

Идеалдуу аял бир нерсе менен алек болууга тийиш, башкача айтканда, ал иштеш керек. Иштебеген, өзүнүн коомго тийгизе турган пайдасы тууралуу ойлобогон аял баласын деле кыйратып тарбиялабайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!