Күйөөсү менен ажырашкан аялдан алты кеңеш

Күйөөсү менен ажырашкан аялдан алты кеңеш
8-Авг. 2018, Шаршемби, 15:41

Саламатсыздарбы? Менин атым Алия. Мен 26 жаштамын. Жолдошум менен болгону эки жыл жашадык. Кимдир бирөө айтышы мүмкүн. Эки жыл аралыгында ушундай эрте чечимге келдиң деп. А мен ал ойго кошулбайт элем. Себеби, ушул эки жыл аралыкта өзүмө жашоодон жакшы тажрыйба алдым десем жаңылышпайм.

Адам эч убакта өзгөрбөйт

Менин бирден бир кетирген катачылыгым, адамдар өзгөрөт, мен да өзгөрөм деген ойдо болгонмун. Бирок, бул туура эмес экен. Эгерде сүйүктүүңүз сизди жакшы көрсө, анда ал сизди эч убакта капалантпайт. Ал өзгөрөт деп күтүп отуруунун кажети жок. Ал адам мүнөзү, башкасы боюнча эч убакта өзгөрбөйт.

Бири-бирин уга билүү

Эгерде сиз күнүгө үйүңүздү жууп тазалап өз милдетиңизди так аткарып жатасыз дейли. А бирок, жолдошуңузга эркелеп таттууларды алып берүүнү суранып жаткан учурда да, ал сизге макул болбосо. Анда сиз бир кадам алдыга таштап, күйөөңүзгө жол бериңиз. Бул нерсе бир гана экөөңүздүн аракетиңиз менен ишке ашат.

Үй-бүлөнүн жүгүн барын өзүм жасайм дебеңиз

Эгерде сиз тытынып үйгө да, жумушка да жетишип, бардыгын даяр кылып турсаңыз, жолдошуңуз ошого көнүп алат экен.

Унчукпай калуу туура чечим эмес

Биздин үй-бүлөдө жодошум экөөбүз катуу уруштан соң экөөбүз тең унчукпай калчубуз. Көрсө бул чечим туура эмес экен. Жакшысы ошол кырдаалды отуруп, убагында чечүү керектигин кийин билдим.

Эмоцияга алдырбоо

Кандай гана кырдаал болбосун эч убакта эмоцияга алдырбаңыз. Себеби, сиз канчалык чыр чыгарып, кыйкырып, бакырсаңыз деле кырдаал жолго салынбайт. Кайрадан курчутасыз. Андан көрө 10 секунддага өзүңүздү токтотуп, кийин диалогду улаганыңыз оң.

Сүйүүңүздү ар дайым сүйүктүүңүзгө билдирип туруңуз

Жолдошуңузга күнүгө жылуу маанай тартуулап, ага болгон сезимиңизди дайыма билдрип туруңуз.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!