Узак убакыт үй-бүлө курган жубайлар аныкталды

Узак убакыт үй-бүлө курган жубайлар аныкталды
5-Сен. 2018, Шаршемби, 11:10

Япониянын тургундары Масао жана Мияка Мацумото никеде эң узак жашаган жубайлардын катарын толуктап Гиннес китебине киришти. Алардын чогуу түтүн булатканына 80 жыл болуптур. Жубайлар 1937-жылы баш кошкон.

Масао жана Мияка беш кызды тарбиялап чоңойтушкан. Учурда алардын 13 небере, 25 чебереси бар. Мияконун айтуусунда алардын узак убакыт чогуу жашагандыгынын себеби-бул чыдамкайлык. "Биздин үй-бүлөдө мен абдан чыдамкай болгондугума байланыштуу, биздин нике бекем болду",- деп айтат аялы Мияко.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!