Канткенде бактылуу жубай болобуз?

Канткенде бактылуу жубай болобуз?
8-Сен. 2018, Ишемби, 14:49

Коомчулукта «жубайлар үйлөнгөнгө чейин бактылуу, бири-бирин сыйлайт, үй-бүлө болгондон кийин баары өзгөрүлөт» деген пикир калыпташып кеткендей. Чындыгында да мамилеге көңүл кош карабай, аны “күтө” билүү керек.

Үй-булөдөгү мамиленин психология тармагындагы дүйнөнүн башкы адистери тажрыйба жургүзүүсүнүн натыйжасында бакытты сактап калуу үчүн кандай эрежелерди эске алуу керектигин аныкташты:

1. Орток кызыгуучулук табыңыз!

Мамиленин башында болбогон орток кызыгуу убакыт өткөн сайын пайда болушу мүмкүн. Себеби бирге өткөргөн убакыттын пайдасы көп. Бирок жеке убакыт менен мейкиндик тууралуу да айта кетүү керек. Өзүңүздүн да бир нерсеге болгон кызыгууңуз болуш керек. Бул сизди жеке инсан катары калыпташтырып, эч кимге көз карандысыз кыла турган маанилүү аспектердин бири.

2. Кол кармашып жүрүү!

Сейилдегенде, бир жерге жол тартканда жолдошуңуздун колунан кармоо мүмкүндүгүн жиберип албаңыз. Анын артынан ээрчип же өйдө чыгууга тырышпаңыз.

3. Ишеним менен кечирим!

Уруш-керишти чиелештирбей, кимдин күнөөлүү экенин аныктоону талап кылбаган жуп бактылуу болуп саналат. Кээ бир адамдардын оюу боюнча бактылуу жубайлар керек болсо урушушпайт. Бул ката түшүнүк. Ар бир үй-бүлөдө идиш-аяк кагылып сынбай койбойт. Мындай жагдайда кабак түйбөй, маселени чечүүгө тырышуу керек. Күнөлүүнү издеп, жалган жала жабуунун пайдасы жок.

4. Жакшы жактарын байкоого тырышыңыз!

Сүйүктүңүздүн жакшы жактарын таап, аларга көңул бөлүүгө аракет кылыңыз. Ал кемчиликтерди кичирейтүүгө, аларга өтө көңүл бөлбөөгө тырышыңыз. Себеби ар бир адамдын кемчиликтери болот. Идеялдуу адам бар деп айтуу кыйын. Бардыгы сиздин ниетиңизге байланыштуу. Эгер сиз жалаң гана жакшы жактарды көрүүгө аракет кылсаңыз, милдеттүү түрдө максатка жетесиз. Ал эми бирөөнү сөгүп, уруша турган болсоңуз, адамды таарынтып алууңуз мүмкүн. Кечиргени менен көңулгө катуу тийип, эсте түбөлүк калаарык анык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди