Жарандык нике эмнеси менен кооптуу?

Жарандык нике эмнеси менен кооптуу?
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 10:37

Жарандык нике-бул эки тараптын юридикалык келишим менен түзүлгөн толук эмес үй-бүлө десек болот. Мында эки тарап өздөрү каалагандай жашайт. Керек болсо бири-бири менен сүйлөшпөй деле койсо болот.

Ал эмне үчүн керек?

Көбүнчө адамдар жарандык алууда, мамлекеттен жеңилдиктерди алууда жарандык никеге турат. Көпчүлүк жаштар үй алыш үчүн, насыяларга жеңилдик алуу максатында да колдонот. Ошондой эле, жумушка үй-бүлөлү адамдардын талабы керек болгондо да катталат.

Жарандык никенин кооптуу тарабы

Көбүнчө көз боёмочулар өздөрүнүн материалдык абалын толуктоо максатында, жарандык никеге катталат. Мисалга, жубайлардын биринин акчасына үй сатылып алынды дейли. Эгерде алар жарандык никеде болуп, ажырашууну максат кылса, анда жанагы үй эки адамга тең бөлүнүп берилет.

Жарандык нике- жасалма деп аталганда эмне болот?

Жарандык никени сот жасалма деп өкүм чыгарса, анда эки тарап тең жабыркайт. Алар буга чейин жасалган документтеринин бардыгы тең жокко чыгарылат. Эгерде жарандык нике, жарандык алуу максатында түзүлүп, ал жасалма деп табылса. Анда ал адамга өлкөдөн сыртка чыкканга тыюу салынмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!