Сүйүү илимдин көзү менен

Сүйүү илимдин көзү менен
12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:18

Биринчиден, сизге жаккан адам жолуккан маалда, татаал химиялык реакция жүрүп, натыйжасында фенилэтиламин гормону бөлүнөт. Бул гормон кызыгуунун гормону деп аталат.

Убакыт өткөн сайын адамдардын арасындагы мамиле өрчүгөн учурда, канга эң күчтүү гормондордун бири дофамин бөлүнөт. Муну биз сүйүп калган учурду атайбыз.

Ичибиздеги ал адамды көрүүгө деген ынтызар же болбосо ал адам менен сүйлөшкөндө пайда болгон өзгөчө сезимдердин баардыгын ушул гормон башкарат. Дофамин гормону кубат берет жана тобокелге барууга түртөт. Анын күчү баңгизат менен бирдей: тобокелдик туудурат. Адамдын мамилеси күчөгөн сайын дофаминдин жаңы дозаларын талап кылат.

Ал эми жоопсуз сүйүү учурунда гормондун жетишпестиги туулат. Ошол себептен, организмде өзгөрүштөр пайда болуп, стресске кабылат.

Колуңуздан кармаган кезде, башка дагы физикалык жакындык болгон кезде окситоцин гормону бөлүнөт. Бул гормон эндорфин гормонунун бөлүнүп чыгышына жол ачат. Эндорфин нерв системасын тынчтандырып, адамга жайлуулук алып келет. Ошондуктан, эндорфин бакыт гормону деп да аталат. Эмнеге ашык жандар бири-бирин көргүсү келип турат? Анткени, организмде бул гормондун көлөмү азайып, организм гормондун жетишсиздигине дуушар болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!