Бойдоктордун өзгөчөлүктөрү кандай?

Бойдоктордун өзгөчөлүктөрү кандай?
17-Фев. 2018, Ишемби, 11:35

"Жалгыз жашаган адамдардын жубайларга караганда көптөгөн артыкчылыгы бар экени аныкталды”,- деп кабарлайт “The Independent” маалымат булагы.

Калифорния университетинин психологу Белла Де Пауло бойдоктордун аял-күйөөлөргө караганда дүйнөлүк желеде достору көп экенин жана алар менен активдүү түрдө кабарлашып турушаарын айтышты.

Адистер атап өткөндөй, өзгөчө картайган кезде мындай таанышуунун жакшы маанай үчүн таасири маанилүү экен. Ошону менен бирге, жалгыз бой адамдар өздөрүнүн өң-келбетине физикалык жактан жакшы карап, толуктук менен аз жабыркашары да аныкталды.

Ошондой эле, үй-бүлөлү адамдарга караганда бойдоктордун жеке өнүгүсүү үчүн убакытысы көбүрөөк болот. Бойдоктор көбүнчө билимин өркүндөтүп, ийгиликтүү карьера жасашат деп билдиришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!