ИДӨ:айыл чарбанын үлүшү 3 пайызга жогорулады

20-Апр. 2017, Бейшемби

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун айтымында 2016-жылы өлкөнүн айыл чарбасынын Ички дүң өндүрүмдөгү (ИДӨ) үлүшү 3 пайызга жогорулады.

Анын билдиргенине караганда өкмөт тарабынан бир катар долбоорлор иштелип жатат жана айрымдары жакшы жыйынтыктарды бере баштады.

“Өткөн жылы айыл чарбанын ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү 3 пайызга жогорулаган. Анын малчылык багыты 2,5 пайызга жетсе, дыйканчылык тармагы 3,7 пайызды түздү. Атамекендик дыйкан фермерлерге жеңилдетилген насыялар жана лизингге техникалар берилип жатат. Жыл башынан бери фермерлерге берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмү 1,5 миллиард сомго жетти. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 7 миллиард сомго жеткирүү аракети көрүлөт”,-дейт Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!