Новиков кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерди

22-Сен. 2017, Жума, 16:06

Экономика министри Артем Новиков министрлердин ичинен биричилерден болуп “Кыргызтестте” мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырды.

Ал жалпы бериле турган 100 баллдын ичинен 76 балл алып, кыргыз тилин А2 деңгээли боюнча экинчи даражада билери белгилүү болду.

“Мамлекеттик тилди үйрөнүү керек. Тил – бул этнос аралык баарлашуудагы негизги курал. Мен кыргыз тили келечекте өлкөбүздө жашаган бардык улуттарды бириктирүүчү негизги элемент болот деп ишенем”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-сентябрдан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Кыргызтест” борбору өкмөттүн карамагына өттү.

“Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. Бул система быйыл биринчи жолу президенттик шайлоодо талапкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн колдонулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!