Окуу борборлор каттоодон өтөт

3-Фев. 2018, Ишемби, 11:46

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында облус аймагына караштуу окуу борборлордун жетекчилеринин катышуусунда кезексиз жыйын өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйынга ДИМКтин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, казыяттын окуу бөлүм адиси Арпидин ажы Жороев катышты.

Жыйындын жүрүшүн Арпидин ажы Жороев алып барып, диний уюм катары окуу борборлорду мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү ыкчамдатуу керектигин баса белгилеп, тиешелүү иш чараларын уюштурууну борбордун жетекчилерине милдеттендирсе, ал эми Нурбек Кайсарбаев каттоодон өткөрүү үчүн керектелүүчү иш кагаздар менен тааныштырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тез арада каттоодон өткөрүүнү тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!