Баш ооруса эмне кылуу керек?

09-02-2017

Баш оорунун мүнөзү аны пайда кылган себептерине жараша болот. Мисалы, кан тамыр ооруларында, гипертония оорулары, шакый кармаганда, чарчаганда, алкоголь ичкилигин ичкенде, тамеки тартканда, ызы-чууда, өтө жарык таасир эткенде оору күчөйт. Күн тартибин туура уюштуруп, маалы менен тамактанып, желдетилген бөлмөдө уктасаңыз, таза абада сейилдөө баш ооруну басаңдатууга жардам берет.

Баш ооруларынын себебин билгенден кийин гана дарылоо керек. Эгер басылбай ооруса дарыгерге кайрылуу кажет.

Баш өтө катуу ооруса ал үчүн баш, моюн, арка бел булчуңдарды иштетүүчү көнүгүүлөрдү жасоо жакшы жардам болот. Көпчүлүк учурда баш чыңалуу абалда болот, мындан улам 90 пайыз баш оорунун түрлөрү пайда болот. Мына ошол үчүн бул көнүгүүнү жасоо жакшы жыйынтык берет.

Көпчүлүк адамдар уктап тургандан кийин кадимкидей эс ала түшүшөт. Бирок кечке уктаса да болбойт, себеби ал учурда баш катуу чымырап ооруп калат. Эң негизгиси күндүзгү убактарда уктабаганга аракет кылыңыз. Түшкү убактагы уйку шакый жана мигрень оорусунун пайда болуусун шарттайт.

Эгер ыңгайсыз жана көмкөрөсүнөн уктап жаткан болсоңуз, анда бул моюн булчуңдарынын чыңалып, жакшы иштебей баш ооруну пайда кылышы ыктымал. Ал эми чалкалап жатуу тынч жана көңүлдүү маанайда ойгонууга жардам берет.

Башты укалоо

Жеңил кыймылдар менен чекеден тартып кара кушка чейин укалап чыгыңыз. Андан соң шашпай акырындан кулактарды, төбөңдөн ылдый моюнга карай жана баштын капталдарын укаласа да жакшы.

Ромашка, жалбыз же болбосо лаванда жалбырактарынан жана гүлдөрүнөн чай кайнатып ичиңиз. Ичип алып уктоого аракет кылыңыз.

Муздак компресс

Чекеге жана моюнга коюлган муздак нерсе кээ бир адамдарга жагымдуулук тартуулап, жардам берет. Ал эми кээ бирлери жылуулукту сүйүшөт. Ошондуктан ысык сууга түшүп жана моюнга жылуу нерсе коюудан сергип калышат.

Ал үчүн лаванда жана жалбыз эфир майларынын бир нече тамчысын бир стакан муздак сууга тамчылатып алып, марлини сууга салып суулап, жакшылап сыгып чекеге басыңыз.

Түз отуруп, түз туруңуз, шарт жана тескери бурулуп алуу менен баш айланып, ооруп калуусу мүмкүн.

Өзүңүздү контролдогонго аракет кылыңыз, антпесе дене чыңалгандан улам баш ооруу пайда болот. Аларга тиштенүү, муштумду түйүү жана бүкүрөйгөн ийиндер кирет.

Эгер ызы-чуудан алыс, тынчтыкта отурууга мүмкүнчүлүк болбосо, тынч жайды таап же кулак тыгынын колдонсо болот. Тынчтыкта көздү 15-20 мүнөт жумган да пайдалуу.

Баш ооруганда бармак жана сөөмөйдүн ортосундагы эки чекитти же болбосо моюн тараптагы омуртканын капталын ооруганча басып туруу менен баш ооруну басаңдатууга болот.

Бөлмөнү мүмкүн болушунча бат-баттан желдетип, таза абада сейилдеп басуу да натыйжалуу жардам берет.

Эскертип кетүүчү нерсе төмөнкү азыктарды баш ооругандар үчүн колдонуусун азайтуу керек:

Сыр, ышталган сельд балыгы, тооктун боору, кызыл шарап, жаңгактар-булардын курамындагы тирамин аминокислотасы баш ооруга себепчи болот.

Шокаладдын курамында фенилэтиламин баш ооруну күчөтөт.

Кайра иштетилген азыктар өзгөчө Азия жана Кытай ашканасынын түрдүү кошулмалары (специя) жана соустары (мисалга, соя соусу). Алардын курамында көпчүлүк учурда –натрий глутамат тагыраак айтканда “гидролиз өсүмдүк протеини” кездешет. Баш ооруну чакырган бул чыгыш ашканасына өзүнчө термин берилген - “кытай ресторандарынын синдрому”.

Ышталган эт азыктары, колбаса, сосиска сыяктуу азыктарга кошулган кызыл өң берүүчү нитрит баш ооруну пайда кылат. Ал көпчүлүк учурда арзан азыктарда кездешет.

Шекерди алмаштыруучулардын курамында аспартам жана таттуу кылуучу зат Е 961 кирет. Көпчүлүк учурда бул азыкты диабет оорусу менен ооругандар колдонушат. Аспартам сагызда, аз калориялуу таттууларда, газдалган суусундуктарда, конфеттерде, йогурттарда, витаминдердин жана жөтөлгө каршы сормо пастилаларда кездешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!