Шыбоо жана андан арылуу

9-Авг. 2017, Шаршемби

Бут кийимиңизди чечип жатканда үйдөгүлөр мурдун жаап качышабы? Бутуңуздагы жыттан улам конокко баруудан да уяласызбы? Демек, бутуңуздун шыбоосу бар. Буттагы жаман жыт эмнеден келип чыгат, андан арылуу ыкмалары тууралуу сөз кылабыз.

Синтетикалык байпак да бутту жыттантат!
Буттун шыбоосу – көптөгөн адамдардын баш оорусу. Негизинен, буттун жыттануусуна бир нече себептер түрткү болот:

Жеке гигиeнаны сактабоо (убагы менен бутту жуубоо жана кам көрбөө);

Синтетикалык байпак;

Дермантин (көбүнчө Кытайдан чыгарылган) же резина бут кийим;

Ысыкта жабык бут кийим кийип жүрүү;

Адамда айрым бир оорунун болушу (мисалы, кант диабети, ашыкча салмак);

Кара күч эмгеги менен узакка алектенүү жана башка.

Адамдын таманында 250 миңге жакын тер бездери жайгашкан. Алардан тер бөлүнүп чыгып турат. Мисалы, эгер адам ысыкта жабык бут кийим же синтетикалык байпак кийип жүрсө, анда бут, албетте, тердейт. Тердеген жерде бактериялар көбөйүп, алардын бөлүп чыгарган калдыктары жаман жыттын чыгуусун шарттайт. Буттун жыттануусуна грибоктор да жеткирет.

Гигиеналык эрежелерди сактаңы!
Шыбоого кабылбоо үчүн гигиеналык эрежелерди сактаңыз:

Ысыкта күндө кечки убак бутту самындап таза жууп, кургата аарчуу керек.

Ысыкта пахтадан жасалган байпакты кийүү зарыл. Күндүз көп басууга же иштөөгө туура келсе, анда бутка атайын присыпканы же тальк сээп, анан байпак кийиңиз.

Ысыкта ар күнү байпак алмаштырыңыз.

Бут кийимди 2 апта сайын жууп, шамалдатып кургатыңыз.

Эгер кайсы бир ишти жасоо үчүн аргасыз резина же дермантин бут кийим кийүүгө туура келсе, анда чечер замат бутту самындап жууңуз.

Жайкысын ачык бут кийим кийиңиз.

Кышкысын жана кеч күздө батекти апта сайын жууп, кургатыңыз. Батек сасыса, анын жыты бутка сиңип, бут да сасыйт.

Эгер бутту күндө жууп, байпак алмаштыр­саңыз деле бут жыттанып жатса, анда кеп бут кийимде. Тезинен бут кийимди алмаштырыңыз.

Эгер бут кийим жаңы эле болсо, анда күн сайын уксус же спирт менен ичин жакшылап сүртүп, тазалап туруңуз. Шыбоодон алыс болуу үчүн булгаарыдан тигилген бут кийим кийүү кажет.

Шыбоодон арылтуучу каражаттар

Дарыканадан же дүкөндөн “7 дней” же “5 дней” дезодорант-кремин сатып алуу кажет. Кремди таза жуулган бутка 2 апта үзгүлтүксүз уктаар алдында сыйпаса, буттун терчилдиги азайып, шыбоо кетет.

100 грамм жалбызды же эмендин кургатылган кабыгын 1 литр сууга салып кайнатып алып, ага бутту салып отуруу кажет (бутка ванна).

Бут кийимди жууп, кургаткан соң шыбоонун жыты кетсин үчүн чүпүрөккө эмен кабыгын ороп, салып коюңуз.

Салицил порошогун (присыпка) сепсе да бут көп жыттанбайт.

Жылуу сууга аш содасын салып, бутту жууса да терчилдик менен жыт азаят.

Буттун жытын жоготуучу дезодоранттар, антиперспиранттарды колдонуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!