Бул жемиштердин дарылыгы эмнеде?

18-Май 2017, Бейшемби

Чычырканак


Чычырканактын мөмөсүндө С, Е, В, Р витаминдери, микроэлементтер, фруктоза жана башка көптөгөн биологиялык активдүү заттар бар. Ал карылыкка тоскоол болуучу Е витаминин өзүнө камтыгандыгы жагынан башка бир дагы мөмө-жемишти алдына өткөрбөйт. Чычырканактын майы ажайып дарылыгы бар каражат болуп эсептелинет. Ал теринин жарасына, күйүккө, суукка алдырууга, ашказан жарасына жана башка ооруларга жакшы жардам берет. Мындан тышкары, чычырканак бактерияларга каршы туруучу касиетке ээ - ал кариести чакыруучу бактериялардан тишти сактайт, ооздун жагымсыз жытын кетирет, бүйлөлөрдү бекемдейт. Оозго чыккан учуктун жайылып кетишинин алдын алат, кургаган эринди жумшартат.

Ысык суусундукка ооз күйүп калган учурда жылымык сууну бир аз оозго кармап туруп, андан соң чычырканак майы менен сүртүп коюу керек.

Ал эми косметологияда чач кайраттуу болушу үчүн жана беттин терисине жашартуучу маска катары колдонушат.

Кара карагат

Кара карагатта В, Р, А, С витаминдери, пектин заты, эфир майы, каротин, фосфор, темир жана башка көптөгөн пайдалуу заттар камтылган. Башка мөмө-жемиштердин арасынан пайдалуулугу жагынан карагат лидерликти эч бирөөнө бербейт.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, кара карагаттын диабетти алдын алуучу касиетке ээ экендиги белгилүү болгон. Ошондой эле ал рактын пайда болушуна тоскоол болот, жүрөк, кан-тамыр ооруларын сакайтууда натыйжалуу жана көрүүнүн курчтугун узак убакытка чейин сактайт.

Кара карагаттын жалбырагын жана мөмөсүн бөйрөктөгү ташка, боор ооруларына жана дем алуу жолдорундагы ооруларга да колдонушат. Мындан тышкары, ал аз кандуулукта, ашказан жарасында, гипертонияда табылгыс дары.

Кара карагатты тырмактардын үстүнө жана анын айланасындагы терилерге сүрткөндө тырмактар бекем болот.

Малина

Малина да көптөгөн пайдалуу жана организм үчүн зарыл болгон витаминдерди, микроэлементтерди өзүнө камтыйт. Бул жемиште кант, темир, жез, калий, пектиндер, клетчатка, органикалык кислоталар, С, РР, В1, В12 витаминдери бар. Малина аз кандуулукта, ашказан-ичеги ооруларында, бөйрөк ооруларында, гипертонияда эң пайдалуу. Анын ширеси суук тийүүдө дененин табын түшүрүүчү каражат караты кеңири колдонулат. Малина өзгөчө аялзатына көбүрөөк сунуш кылынат, анткени, ал теринин түсүнө жакшы таасир берет.

Бул жемиш өзүнө көп өлчөмдөгү жезди камтыгандыктан, антидепрессант болуп да эсептелинет. Андыктан, малина нерви такай чыңалууда жүргөн адамдарга өзгөчө керек.

Башка жемиштерге салыштырмалуу малина кайнагандан кийин деле өзүнүн дарылык касиетин жоготпойт. Андыктан, жаңы малина кандай пайдалуу болсо, анын кыямынын да ошондой эле таасири бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!