Асад Франциянын сыйлыгын кайтарды

20-Апр. 2018, Жума, 16:49

Сириянын президенти Башар Асад Франция кайтарып аларын айткан эң жогорку даражалуу сыйлыкты өз калоосу менен артка кайтаргандыгы белгиленди.

Асадга орденди 2001-жылы Франциянын ошол мезгилдеги президенти Жак Ширак тапшырган.

Дамасктан бейшембиде кечинде жасалган билдирүүдө Асаддын чечимине негиз катары Франциянын 14-апрелде Англия жана АКШ менен биргеликте Сирияга абадан кол салганы негиз катары көрсөтүлгөн. “АКШнын кулу болгон өлкөнүн сыйлыгын алып жүрүү сыймык деп эсептебейм”,-деген.

17-апрелде Елисей сарайынан жасалган билдирүүдө Башар Асадга 2001-жылы ошол мезгилдеги президент Жак Ширак тарабынан берилген сыйлыкты артка кайтарып алуу процесси башталганы белгиленген.

Франциянын эң жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы “Legion d'honneur” 1802-жылы Напалеон Бонапарт тарабынан бериле башталган. Бүгүнкүгө чейин 93 миң адамга тапшырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!