Түштүк Кореянын экс-президенти камалды

31-Март 2017, Жума

Өлкөнүн экс-президенти Пак Кын Хе камакка алынганын “Yonhap” агенттиги кабарлады.

Сеул соту тогуз саатка созулган угуудан кийин аны камакка алууну чечкен. Пак Кын Хе журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан. Ал эми соттук угууга анын ордуна эки адвокаты катышты.

27-мартта Түштүк Кореянын прокуратурасы өлкөнүн экс-президентин камакка алуу боюнча соттон ордер берүүнү суранган.

Өткөн жылдын декабрь айында парламент ага импичмент жарыяласа, март айында Конституциялык соттун чечими менен Пак Кын Хе отставкага кеткен.

Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик сырды ачканы үчүн айыпталууда. Ошондой эле досу Цой Сун Силге айрым ишканалардан акча алууга жол бергенин маалымдаган прокуратура экс-президентке коюлуп жаткан айыптар олуттуу мүнөздө деген корутунду чыгарган.

Тергөөнүн жыйынтыгында Пак Кын Хенин күнөөсү аныкталса сот аны 10 жылга эркинен ажыратары болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!