Тажикстан китептерди уруксат менен киргизгени калды

31-Март 2017, Жума

Өлкөнүн Маданият министрлиги атайын уруксаты жок башка жакка китеп чыгаруууга жана китеп киргизүүгө тыю салды. Бул туурасында Маданият министрлигинин тарыхый жана маданий мурастарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Шерали Ходжаев билдирди.

“Кандай гана китептер болбосун аларды аларды өлкөгө киргизүүгө Маданият министрлигинен уруксат алышы керек. Бул чечим бүтүндөй өлкөгө таандык”,-деди Ходжаев.

Акыркы мезгилде бажычылар перс тилиндеги китептер көп ташылып жатканын кабарлашкан.

Буга чейин Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети жана Ички иштер министрлиги өлкөгө киргизүүгө тыю салынган китептердин тизмесин түзгөн. Алардын орчундуу бөлүгү диний китептерден турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!