Англиядан 15-июль боюнча билдирүү

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Англиянын парламенти түзгөн комиссия 15-июль боюнча 70 барактан турган билдирүү жарыялады. Анда 15-июлдагы төңкөрүшкө “Кызмат” кыймылынын катыштыгы тууралуу далил табылбаганы жазылган. Ошондой эле 15-июлдагы кыйноолор, гүленчилерге коюлган айыптар, гүленчи деген болжолдун негизинде жумуштан чыгарылгандар боюнча маалымдалган. Андан сырткары билдирүүдө коомчулукка булардын күнөөлүү экендигин көрсөтө турган далил таба албаганы баса белгиленген.

“Бул билдирүү төңкөрүш аракетинен тогуз ай өткөн соң жарыяланып отурат. Түрк өкмөтү гүленчи делген адамдардын төңкөрүш кылууга аракеттенгени тууралуу айыптоолорду токтотушу керек. Ошол эле мезгилде Түркия өкмөтү Америкага Гүлендин төңкөрүштү башкаргандыгын далилдеген 80 куту документ жибергенине карабастан АКШ Фетхуллах Гүленди өлкөдөн чыгарууга киришпегендигин эске салабыз”,-деп жазылган билдирүүдө.

“КЫЗМАТ” КЫЙМЫЛЫНА АДИЛЕТҮҮ БОЛУУГА ЧАКЫРЫК
Билдирүүдө “Кызмат” кыймылы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү, аларга жеткиликтүү деңгээлде адилет мамиле жасалбаганы белгиленген.

“15-июлдагы төңкөрүш аракетине бир гана гүленчи элементин күнөөлөө мүмкүн эмес. Армиядагы AK партияга каршы кемалист элементтер, ошондой эле терең ойлонбой, төңкөрүш экенин байкабай калган адамдар катышкан сыяктуу”.

КОНКРЕТТҮҮ ДАЛИЛ ЖОК
Түрк өкмөтү дүйнөнү “Кызмат” кыймылын террорчу катары таанууга чакырып жатканы менен ага конкреттүү далил жоктугу белгиленген.

ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРГА БАСЫМ

Рапортто акыркы мезгилде Эрдоган бийлигинин курал алуу тендерлерин Англияга бере баштаганы жазылган. Ошондой эле көп сандаган англиялык жетекчилер Түркияга келип кеткени, эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерге орун берилген.

“Эки мамлекеттин өкмөттөрү соода келишимдери менен бирге коргонуу жана коопсуздук тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн пайдаларын баса белгилешкен. Бирок орток баалуулуктар эмес, орток кызыкчылыктар бар экендигин байкоого болот. Англия Түркия менен стратегиялык мамиле курууга аракет кылып, адам укуктары боюнча тынчсызданууларын көз жаздымда калтырып жаткандай көрүнөт”.

БИЛДИРҮҮДӨ КӨҢҮЛ БУРАРЛЫК ҮЧ ЖАГДАЙ
- Жыйынтыгында эки өлкө ортосунда орток баалуулуктар эмес, орток кызыкчылыктар бар экени байкалды. Англия Түркия менен стратегиялык мамиле түзүүгө аракет кылып, адам укуктары боюнча тынчсызданууларын көз жаздымда калтыргандай көрүнөт.

-Тышкы иштер министрлигине Адам укуктары жана Демократия билдирүүсүн даярдаганда Түркияны “Адам укуктары жагынан көйгөйлүү” өлкөлөрдүн тизмесине кошууну сунуштайбыз.


-Англиянын Тышкы иштер министрлиги Түркия менен мамиле түзүүдө мамлекеттик органдар же учурда бийликтеги партия менен чектелбеши керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!