Жардыруудан жабыркагандардын тизмеси жарыяланды

4-Апр. 2017, Шейшемби

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Санкт-Петербург боюнча башкармалыгы метродогу жарылуудан жабыр тарткандардын тизмесин жарыялады. Ага ылайык жарадарлардын саны элүү бирге жеткен.

Буга чейин Улуттук антитеррордук комитет 11 адам көз жумганын, 45 адам ооруканага жаткырылганын кабарлаган.

3-апрелде Москва убактысы боюнча 14.30та Петербургдагы “Сенная площадь” жана “Технологический институт-2” метро станциясында жардыруу болгон.

"Площадь Восстания" станциясында колго жасалган жардыруучу түзүм өз убагында табылып дагы бир кырсык алдына алынган. Россия Федерациясынын Тергөө комитети “террордук акт” беренеси боюча кылмыш ишин козгоду.

Жардырууну Борбор Азиядан келген жарандар ишке ашырганы болжолдонууда.
Санкт-Петербург шаарынын бийлиги жардырууга байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!