Солтенберг: НАТО ДАИШке каршы коалицияга катышат

26-Май 2017, Жума

НАТОнун Башкы катчысы Йенс Солтенберг альянстын ДАИШке каршы эл аралык коалицияга кирүүнү чечкенин, бирок согушкан роль албай тургандыгын айтты. Альянстын Баш катчысы НАТОго мүчө мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынынын кийин бул чечимге байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Иш-чарадагы негизги темалардын бири террорчулук менен күрөшүү болгондугун баса белгилеген Солтенберг альянстын аракеттерине багытталган пландын үстүндө иштеп жатышкандыгын билдирди.

Афганистан жана Иракта окутуу борборунун кызматын улантуу жагы чечилгенин белгилеп, альянстын айрым мүчөлөрү бул миссия үчүн аскерлерин жиберип жатканына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал ДАИШке каршы коалицияга колдоо көбөйтүлөрүн айтты. Бул иштердин алкагында байкоочу учактар көп учуруларын, чалгын иштери жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

“НАТОнун эл аралык коалициянын толук мүчөсү болууну чечтик. Альянстагы бардык 28 мамлекет учурда коалициянын мүчөсү. Бул НАТО согушат деген мааниде эмес. Бирок биздин террорчулук менен глобалдык күрөшүүгө милдеттүү экенибизди билдирип турат”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!