NASA Күнгө жакындаганы турат

27-Май 2017, Ишемби

Американын Космостук NASA агенттиги кийики жылы Күндү изилдөөгө зонд жиберет. Ал асман телосуна рекорддук аралыкта же 6,2 миллион чакырым жакындайт. Бул туурасында “Daily Mail” гезити жазып чыкты.

“Solar Probe Plus” (SPP) түзүмү Жерден 2018-жылдын 31-июлдан 19-августка чейинки убакытта “Delta IV—Heavy” ракета алып жүрүүчү аркылуу учурулары күтүлүүдө.

Тарыхтагы башка зонндордон айырмаланып Күнгө жети эсе жакындаган жана жанып турган шарга тийген алгачкы түзүм болот.

Аппарат аркылуу жылдыздын ички атмосферасын изилдөө пландалууда. Ошондой эле Күндүн физикалык мүнөздөмөсү боюнча суроолорго жооп бере турган байкоолорду жүргүзөт.

Түзүмдүн негизги миссиясы 11 күнгө созулары болжолдонууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!